Бул 4 сырды эркектер эч качан эч кимге айтышпайт!

Эркектер аялдарга караганда эмоцияларын ачыкка чыгара бергенди жактырышпайт. Алар бирөөгө даттанып, ыйлап ички дүйнөсүн ачканды каалашпайт. Бул нерселер баарыбызга эле белгилүү. Ар бир эркектин эч кимге айтпаган сырлары болот. Алар кайсылар?

 

 

Эротикалык фантазия

Көпчүлүк адамдар бул нерсени уят, күнөө менен айкалаштырышат. Бул нерсени эч бир эркек түгөйүнө айтпайт экен. Айымдардын фантазиясы бир башка болсо эркектики такыр башкача! Бул нерсени акырындан мырзаңыздан сурап көрсөңүз болот. Жообу сизди шок кылат.

Эмоцияналдык жардамга муктаж

Эркек өзүнүн ичинде эмне болуп жатканын сыртка билдирбегенге аракет кылат. Бирок ар бир адам эмоцияналдык жардамга муктаж экенин унутпоо керек. Кыйын учурда ар бир эркек жакын адамына арманын айтып ыйлап алууну каалашат. Бирок мен «эркекмин» деген ички сезим андайга жол бербейт.

Сизди жоготуп алуудан коркот

Ар бир эркек сүйүктүүсүн жоготуп алуудан коркот. Мындай ойдун өзү эле эркектен муздак тер чыгарат. Бирок көбүнчөсү ачык айтышпайт. Ыңгайы келгенде четин чыгарып сурасаңыз болот, мисалы: менсиз сен жашооңду кандай элестетесиң деген сыяктуу.

Сизди кучактаганды жакшы көрөт

Эркек сүйүүктүүсүн кучактаганды абдан жакшы көрөт. Түгөйүңүз сизди кучактап уктаганды жакшы көрөбү? Эркектин сүйүүсүн ушундан улам билсе болот экен.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.