Бул 15 суроого эркек эч качан чын жооп бербейт

Кээ бир суроолорго эркектер эч качан чын жооп бербейт. Мисалы буларга:

 

 

 

Мен кандай көрүнүп атам?

“Жакшысың” деп айтып жатып калп деле айтпайт. Ал болгону ошондой ойлойт. Бирок, чынында сени карабайт деле, караса да көңүл бурбашы мүмкүн. Колу бошобой “танчик” тытып атканда эмнеге сурайсың?

Эмне жөнүндө ойлонуп атасың?

Эркек ойлонуп бүтмөйүн, эмне жөнүндө ойлонуп атканын айта албайт. Эми ал ойлонуп да бүтпөйт, себеби, сурооң менен оюн бузуп салдың.

Эч нерсе жөнүндө ойлонгон жокмун деп жооп бериши мүмкүн. Бул чындык болот, анткени оюн сен өзүң буздуң да.
 

Каякта жүрдүң?

Ал өзү байкабай эле калп айтып таштайт – бул жөн гана рефлекс. Бул деген сыйкырдуу суроо да: көз ирмемде аны өспүрүмгө айлантасың, өзүң – анын апасына. Калп автоматтык түрдө айтылып кеткенин өзү деле байкабаганы таң калыштуу эмес.

Күнүң кандай өттү?

“Жакшы” – бул эң жайылган жооп. Калп болсо дагы жакшы. Себеби, чындык – бул “Эр жүрөктүк жана акылсыздык” деген темадагы оозеки дилбаян.

Мен силерге жолтоо болгон жокмунбу?

Жок, жолтоо болгон жоксуң! Отур, өзүңө пиводон куй, тиякта балык бар. Ташмат жаңы эле “Нарындагы куракчылар союзу” жөнүндө айтып баштады. Чынбы, Ташмат?

Бул көйнөк мени толук кылган жокпу?

Стандарттык жооп: “Жок алтыным, татынакай элесиң!” – бул калп эмес, чындык. Сени көйнөк эмес, тамак толук кылып атат. Эми бул деталдар дечи.

Сен эч нерсе байкабайсың?

“Сен кичине келесоо эмессиңби?” дегендей угулат. Жини келгенинен, “Байкап эле турам” деп кыйкырат, мурдун чукуп аткан колун көрбөй турса дагы.

 

Сенин мага чейин канча кызың болгон?

Сен биринчи өзүң жооп берчи мындай суроого: “Сенин канча жигитиң болгон?”. Мына-мына...

Бүгүн кайсы күн экени эсиңдеби?

Кайрадан эле – калп деле эмес, чын эле эсинде, бүгүн ишемби. Калганын жоюп салуу методу менен табат: Сегизинчи март эмес, туулган күнүң эмес, Жаңы Жыл эмес? Демек биз таанышкан күн!
 

Сен мени угуп атасыңбы?

Угу.

Ал сага жагабы?

Жок ай, кантип? Же бир сулуу болбосо, ооздору мурчуйган, мурду барбыйган, ал карыган неме да! Деги бул Моника Беллуччи кимге жагышы мүмкүн? Жинди болбочу!

Бул сумка кандай экен?

Жашыл экен, омей, "Супер! Жакшы сумка экен. Алыш керек!"

Сен бардык кызга ушинтип айтчу белең?

Азыр сага айтат, “мындай сөздү айтчу кызды жолуктура элекмин” деп. Башкача айтканда, ал мындай сөздөрдү айта алат, бирок бул сөздү айтканга шык берген биринчи адам – сенсиң. Таза калп!

Сен ушуну чын эле айттыңбы?

Ананчы!

Сен мени эмнеге сүйөсүң?

Кайра алдайт, бирок жоопко сүйүнүш керек. Бул суроо, дүйнөдөгү эң жиндидей суроо. Жамбашыңды, мурдуңду же тамак жегениңди сүйөм демек беле.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.