Бул 15 белгини байкасаңыз анда сиз өз адамыңызды тапкансыз

Адамдардын баарында алтынчы туюм бар. Бул туюм бизге Алла-тааладан берилген белек. Алтынчы туюм бизге  кооптуу нерселерден кабар берет, жаныбыздагы адам чыныгы түгөйүбүзбү же жокпу аны да  сезебиз. Болгону  ички туюмга ишенип аны уга билүү зарыл.

 

 

Ал жүргөн жерде мен да болгом...

Киндиги туташ дейбизби айтор чыныгы түгөй жаны бирге адамдар бир эле учурда бир жерде болгон учурлар арбын болот. Анан бул тууралуу кийин жолугушканда бири-бирине айтып беришет.

 

 

Бирге унчукпай олтургандан рахат алышат

Бул өтө маанилүү. Бир компанияда олтурганда алар бири бирин сезип турушат. Тынчтыкта мемиреп бирге  бейкапар олтура беришет. Эгер узакка созулган тынчтыктан коркуп, ортодогу тынчтыкты бузууга аракет жасасаңыз бул жаман белги.

 

 

Бири-биринин оюн окуп турушат

Кандайдыр бир кырдаалдарда бири биринин оюн сезип, көз караштардан биринин ою экинчиси окуп турушат.  Алыс аралыкта жүрүшсө дагы кандай абалда экенин сезип туюшат.

 

 

Кайгы капалыкты бөлүшөт

Өз түгөйүн тапкан адам анын кайгы-капасын бөлүшө билет, анын жан дүйнөсү кантип жанчылып жатканын сезет. Бири-биринин сезимдерин бөлүшүү жакшы жышаан. 

 

 

Каталыктарына түшүнөт

Баарыбыздын жаман жагыбыз бар. Жан бирге адамдар бири-биринин жаман жагын көрүп, аны түшүнүп, кечире билишет. Жубайынын алсыз жагын билип ага жараша мамиле жасайт.

 

 

Бир багытка умтулуу

Ар түрдүү ыкма менен бирок, бир багытка умтулуу менен алар ого бетер бири-бирине тартылышат.

 

 

Аны менен баарын талкуулай аласың

Жандай көргөн адамыңды тапканда аны менен олуттуу көйгөйлөрүңдү бөлүшкөндөн тартынбайсың. Анткени ал баарын түшүнүп, кеңеш берээрине күн мурун ишенесиң.

 

 

Бири-бириңерге шарт түзөсүңөр

Бири-бириңерге шарт түзүп, өз алдынча иштөөгө убакыт бересиңер. Бул жагдай мамилеңерди бузбайт, тескерисинче бекемдейт.

 

 

Кызганыч жок

Бактылуу жуптар, чыныгы достор кызганыч эмне экенин билишпейт. Кызганыч деген кээде гана болбосо дээрлик жокко эсе болот алардын жашоосунда. Анткени алар жубайларына ишенишет, өздөрүн коопсуз сезишет. Ишеним ушунчалык күчтүү болгондуктан кызганычтын жалбырттаган жалынын өчүрүп салат.

 

 

Урушуп жатып дагы бири-бирин аяшат

Казан аяк кагышпай койбойт. Бирок, урушуп жатып да чыныгы сүйүшкөндөр бири бирине болгон сый-урматын жоготпойт, уруш дагы чеги менен болот. Кыйкырып-сөгүнүп, бири-бирин каргап шилешпейт.

 

 

Бирин-бири сыйлоо

Ар түрдүү пикирде болушса дагы түгөйлөрдүн бири-бирине болгон сый урматы артып турат. Бирине бири бир нерсени башка бирөөлөрдүн көзүнчө далилдеп ажылдабайт.

 

 

Бир бүтүмгө келишет

Нукура мамилелер бир бүтүмгө келип келишип турганы менен маанилүү. Ортодогу мамиле тең салмактуу болушу үчүн бактылуу жубайлар тең салмактуулукту сакташат.

 

 

Өзүмчүл эмес

Өзүмчүлдүк узак убакытка созулган мамилелердин дагы таш- талканын чыгарат. Сүйүшкөндөр өзүмчүл болушпайт. Алардын сүйүүсү, мамилеси баарынан баалуу деп билишет.

 

 

Бул сиздин адамыңыз

Чогуу болгондон рахат алып бүтпөйсүздөр. Дүйнөнүн төрт тарабы түгөл баары силер үчүн сыяктуу сезилет. Чыныгы сүйгөнүңүздүн жанында эс алып, кубанып, бактылуу болуп өзүңүздү эркин сезесиз.

Мунун баары болбосо да көпчүлүгү сиздерде барбы? Анда сиз бактылуу адамсыз...

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.