Бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн азайтуучу 10 фактор

Кээ бир айымдар боюна бүтүп калуудан коркуп, ар кандай ыкмалар менен коргонуп келишсе, кээ бирлери ал бакытка жете албай келишет. Эми, эгер балалуу болууну пландап жатсаңыз, бойго бүтүүнүн мүмкүнчүлүгүн азайткан факторлорду билип алганыңыз маанилүү.

 

 

 

1. Химиялык тазалоочу каражаттар

Ваннаны же ашкананы тазалаган каражаттарыңыз бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүңүздү азайтышы мүмкүн. Health.com порталына карасак, химиялык каражаттар, пестициддер жана өндүрүш таштандылары менен көп контакт болгон жубайлардын балалуу болуу шансы 29%га төмөндөйт.

Химияны көп колдонбогонго аракет кылыңыз, ордуна табигый каражаттарды колдонуңуз, мисалы, сода же уксус.

 

2. Тамеки чегүү

Чылым чегүү, керек болсо пассивдүү чегүү да фертилдүүлүктү төмөндөтөт. Американын тукум улоо медицинасынын маалыматына таянсак, чылым чегүү 13% учурда тукумсуздукка алып келет. Ошондой эле бул жаман адат тирүү сперматозоиддердин санын да азайтат.

 

3. Өтө көп машыгуу

Өтө көп машыгуу бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн азайтат. Көйгөйдүн көзгө көрүнөөрлүк белгиси - менструалдык циклдин өзгөрүшү. Эгер бөлүнүп чыгуулар ачык өңдө болуп, айыз күндөрү кыскарса - дарыгериңизге кайрылыңыз жана сиздин фертилдүүлүккө спорттун тийгизге таасири тууралуу сурап алыңыз.

 

 
4. Стресс

Ар бир адам стресске кабылат, бирок сиз аны кандай көтөрөсүз, сиздин бойго бүтүү жөндөмдүүлүгүңүзнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок, кабатырлануу сезимин азайтуучу бир нече ыкма бар: эрте жатыңыз, бойго бүтүрүү үчүн эле эмес, ырахат үчүн жыныстык катнаш кылыңыз, релаксация менен алектениңиз, журнал жүргүзүңүз, терапевттин кеңешин угуңуз, йога жана медитация менен машыгыңыз.

 

5. Өнөгүңүздүн ноутбук колдонушу

Эгер ноутбукту тизеңизге коюп колдонуп көргөн болсоңуз, тизе кандай бат ысып кеткенин байкасаңыз керек. Көрсө ал дагы бойго бүтүүдө таасирин берет экен. Fertility and Sterility өткөргөн изилдөө көрсөткөндөй, Интернетке кошулган ноутбук эркектин жыныс органына жакын болсо, сперматозоддердин кыймылдуулугуна терс таасир берет экен, өз учурунда ал эркектин уруктугунун сапатын түшүрүп салат.

 

 
6. Өнөгүңүздүн ич кийими

Өнөгүңүз кандай ич кийим кийет? Көрсө ич кийим дагы бойго бүтүүдө өз таасирин тийгизет экен. WebMD эркектерге боксерлерду же эркин трусаларды кийүүнү сунушташат, себеби алар жыныс бездерин ысытып-тердетпейт, демек, саламат сперматозоид иштеп чыгарууда өзүнүн оң таасирин берет. Ал эми тар ич кийим жана жынса тескери эффект берет.

 

7. Өнөгүңүздүн ысык ваннага болгон сүйүүсү

Бризилиянын урология коомунун изилдөөсү көрсөткөндөй, ысык сууга түшкөндү жакшы көргөн эркектер тукумсуз болуп калышы мүмкүн.

Дарыгерлер, мындай көйгөйгө дуушар болуп калбас үчүн ысык сууга түшүү мөөнөтүн азайтууну сунушташат.

 

 
8. Дары-дармектер

Кээ бир дарылар сиздин фертилдүүлүккө таасирин бериши мүмкүн. Белгилүү дарылар бар, өзгөчө антидепрессанттар жана маанай көтөргүчтөр, бойго бүтүүгө тоскоолдук кылышат, башкача айтканда организмдин пролактин - овуляцияга тоскоол болгон гормонун бөлүп чыгаруусун көбөйтөт.

 

9. Лубриканттар

Майлоочу каражаттар сүйүү түнүн унутулгус кылат, бирок анын курамына кирген кээ бир ингредиенттери сперманы өлтүрөт. Fertility and Sterility журналына чыккан изилдөө көрсөткөндөй, көптөгөн популярдуу лубриканттар бойго бүтүүгө тоскоолдук кылат, мындайча айтканда, сперматозоиддерди өлтүрөт. Ошондуктан, лубрикант колдонуудан мурун ойлонуу керек, аны эмне менен алмаштырса болот.

 

 
10. Секс убагы

Бойго бүтүү үчүн жыныстык катнашка барган убактыңыз да маанилүү. Эгер балалуу болгуңуз келсе, бойго бүтүүгө туура убакытты билүү үчүн менструалдык циклиңизге байкоо жүргүзүп турганыңыз туура. Dot Fertility & Period Tracker тиркемеси бойго бүтүүнү эффективдүү пландоого жардам берет.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.