Бойдон алдырганда сиздин денеңиз менен эмне болот

Бойдон алдыруу, же башкача айтканда аборт эч бир аял үчүн байкоосуз өтүп кетпейт. Бул жерде иштин моралдык жагы каралбайт. Анткени, мындай кийлигишүү аялдын организми үчүн сөзсүз так калтырат.

 

 

Так ушул негативдик жыйынтык тууралуу Yo Amo los Zapatos сайты жазып чыкты.

Биздин редакция көпчүлүктү кабатыр кылып, ойлонткон көйгөй тууралуу Yo Amo los Zapatos ресурсунун которулган жана адаптация болгон материалын жарыялайт.

Бойдон алдыргандан кийинки оорулардын келип чыгышын экиге бөлсө болот: кыска убакыттык жана узак убакыттык.

Кыска убакыттык

Боюнан алдырган аялдардын 10%га жакынында кыска убакыттык татаалдануу (осложнения) байкалат, алардын ичинен 2%ы олуттуу деп эсептелет. Бойдон алдырууда инфекция жугузуу, кансыроо, ичтин өнөкөт оорусунун чыгышы көп кездешет. Көпкө созулбаган жүрөк айланып, кусуу жана калтыратма оорулары да болушу мүмкүн. Бойдон алдыруунун олутту жана коркунучтуу натыйжасы деп врачтар: катуу кансыроону, анестезия менен байланышкан татаалдашууну, тарамыш тырышуусу, кан куюлуу, жатындын жабыркашы, эндотоксикалык шокту айтышат.

 
Узак убакыттык

Бул жерде айыктырууга мүмкүн болбой калган олуттуу натыйжалар айтылат. Бул, биринчи орунда, тукумсуздук. Ал жатынды тазалап жатканда алынган жаракаттардан улам, жатын жана энелик бездин рагынан, ошондой эле эндометриоздон келип чыгат. Аборттон кийин жатындан тышкары бойго бүтүү коркунучу көбөйөт, башкача айтканда аборт кылууга туура келген бойго бүтүү, деп врачтар коңгуроо кагышат.

 

Бир сөз менен айтканда, татаалдашуу бар жана алар көп. Бирок, ар бир организм абортко ар кандай реакция кылат, дешет врачтар. Чекеге жазгандан... Ошентсе да, негизги кеңеш, колдон келишинче гинекологдун кабинетине аборт кылуу максатында барбоо.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.