Бөтөлкөдөгү кат

Бүгүнкү күндө жолугушууга ашык болгон адамыңды чакыруу өтө жөнөкөй болуп калды - болгону телефон чалып, сүйлөшүп, жолукчу жерди макулдашып койгон жетиштүү.

 

 

Романтика болсо кайда жоголуп кетти, кийин эстегенге бир нерсе калабы? Кыздардын жүрөгүн ээлеп алчу жагымдуу кылыктар калбай калабы? Романтиканын убагы бүттү деп айткыңыз келеби? Бирок, эмнеге көр оокат деп эле жашай бериш керек?

 

Романтиканы өзүбүз түзөт эмеспизби. Баарыбыз эле сүйүктүү өзүбүз тууралуу ойлонобуз, башка бирөө үчүн жагымдуу бир нерсе кылууга - такыр убакыт жок. Бирок, бир аз фантазияны күйгүзсөк, ашык адамды жолугууга жөнөкөй, жагымдуу жана түбөлүккө эсте калгыдай жол менен чакырсак болот.

 

 

Чакыруу барагын жасаш үчүн бөтөлкө керектелет (жакшысы, винонун бөтөлкөсү, анын пробкасы бар). Кагазга чакырууну жазыңыз. Трубка кылып ороңуз да жип менен кооз байлаңыз. Жиптин бир учун пробкага кнопка менен кадап коюңуз, Кийин пробканы суурганда, катты алып чыгуу оңой болот. Бөтөлкөнүн түбүнө шекер себип коюңуз, шуруларды, конфетти кошуп койсоңуз кооз болот. Баарын аралаштырыңыз. Чакырууга бантик байлаңыз, баары даяр!

 

 

Албетте, мындай чакырууну өз колуңуз менен тапшыруу туура эмес, ошондуктан бирөөнү сураныңыз. Андан да жакшысы, букет гүл кошуп коюңуз. Муну эркектер эле эмес, кыздар да жасаса болот...

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.