Борбор Азиянын 9 сулуусу

9-сентябрь Эл аралык сулуулук күнү белгиленди. Бул дата 1995-жылдан бери белгиленип келет, аны, дүйнөдөгү башкы Эл аралык сулуулук терапиясы эсептелген, Эл аралык эстетика жана косметология комитети (CIDESCO) негиздеген.

Алдыда, биздин региондун сулууларына көз салып көрөлү деп чечтик.

 

Кыргызстан

Жакында эле актриса жана модель Аида Чоткараева өз өлкөсүнүн атынан, турмушка чыккан келиндер арасындагы “Аалам Периси – 2017” Эл аралык конкурсуна катышты. Башкы байгени ала албаса да, “Миссис фотогения” титулун багындырды.  

Конкурс Түштүк Африка Республикасынын Дурбан шаарында 28-августтан 3-сентябрга чейин болду жана Аида эң мыкты 25 моделдин катарына кирди. Бул конкурска дүйнө жүзүнүн 70 сулуусу катышкан.
 

Өткөн жылы кыргызстандык модель жана теле алып баруучу Айжамал Осмонованы, Түркиянын Бодрум шаарында өткөн Эл аралык “Дүйнө канбийкеси – 2016” сынагында, “Азия канбийкеси” аташкан. 24 катышуучунун арасынан Айжамал 7 мыктынын арасына кирип, “Азия канбийкеси” титулунан тышкары “Мисс назиктик” (“Мисс элегантность”) наамын дагы багындырган. Айтмакчы, Айжамал үчүн Эл аралык аренада, бул биринчи эле ийгилик эмес: 2015-жылы Түштүк Кореяда өткөн Asia Modal Festival сынагында “Борбор Азиянын мыкты манекенщицасы” номинациясын жеңген.

2015-жыл Кытайдын Хайнань шаарында өткөн “Аалам Периси” сынагынын катышуучусу Таттыбүбү Самидин кызы 117 сулуунун арасынан топ-15 сулуулардын катарына кирген. Таттыбүбү башкы байгени албаса дагы, сынактан кийин мекенинде сулуулук индустриясында иштегенди улантып келет: азыр ал “Мисс Кыргызстан” проектисинин директору жана кыргыз сулууларын эл аралык сынактарга даярдоо менен алек.

Тажикстан

18 жаштагы Тажикстандык модель Ёсуман Холова бул жылы эки эл аралык сулуулар сынагында көзгө илинди. Мартта Кытайда өткөн «Miss Global Tourism 2017» сынагында 60 сулуунун арасында вице-мисс титулун илип кетсе, майда Түштүк Кореяда өткөн «Miss SuperTalent of the World» сынагында “Супермодель” жана “Мисс дүйнөлүк суктануу” титулдарын багындырып, 165 өлкөнүн арасынан 6-орунду ээлеп, топ-7 сулууларга кирди.

Өткөн жылы Тажикстандык модель – 27 жаштагы 5 баланын энеси (!) Парвина Саидова – өз өлкөсүнүн атынан «WORLD BEAUTY ASTANA 2016» мода жана сулуулук  гранд-фестивалына катышты жана «Missis International-2016» номинациясын жеңип алды. Бул конкурста дүйнөнүн ар булуң-бурчунан 120 сулуу катышкан. Титулду жеңгенден сырткары, өзүнүн өзгөчө келбети жана публикада алып жүрүүсү үчүн белгилүү кутурье Пьер Кардендин, Парижге чакыруусуна ээ болду.

Казакстан

2011-жылы өткөн “Аалам Периси” сулуулук сынагында Жанна Жумалиева Казакстандын атынан чыккан. Жанна “Мыкты топ-модель” титулун багындырып, ааламдын 122 сулуусунун арасынан топ-15ке кирген.

Алматалык Акнур Жумабаева 3 жыл мурун “Планета ханышасы – 2014” сынагында гран-прини багындырган. Акнурду тандашынын себеби, анын сулуулугу гана эмес, ички дүйнөсүнүн байлыгы жана жашоо образы да эске алынган. Акнур 6 баланын энеси, эки жогорку билимдин ээси, өз бизнеси бар, ал эми бош убактысында портрет тартуу менен алектенет.

Өзбекстан

2015-жылы Зара Кинг Мальтада өткөн «World Bikini Model 2015» сынагында гран-прини жана Miss European Bikini титулун багындырган. Эң сулуу кыз наамына дүйнөнүн 32 сулуусу ат салышкан. Өзбекстандын атынан Бухарада төрөлгөн Зара чыккан. Ал билимди АКШда алган, азыр болсо Москвада жашап жана эмгектенип келет.

Ирина Шарипова – бул дагы Бухаранын тургуну жана биздин региондун эң ийгиликтүү сулуусу десек болот. Өзүңөр карасаңар: жети жыл мурун «Мисс Татарстан-2010», «Биринчи вице-мисс Россия-2010» титулдарын жеңген; “Аалам Периси – 2010” сынагында мыктылардын катарына кирген. Кийин анын карьералык көтөрлүүсү күтүүсүздөн өзгөргөн: Ирина Giorgio Armani, John Galliano, Dolce & Gabbana менен кызматташып, Chanel мода үйүнүн башкы моделдеринин бирине айланган. 2014-жылы, Адриана Лима, Алессандра Амбросио сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар менен Victoria's Secret брендинин шоусуна катышкан.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.