Бул фейк дагы эмес, фотошоп дагы эмес.
Бул, ирандын Sepid o Siah журналынын 1974-1977-жылдардагы сандарынын, Tofigh Magazine сатиралык журналынын, жана перс ажайып жайларынын фонунда түшкөн иран сулууларынын сүрөттөрүн чыгарган Vogue журналынын 1969-жылкы басылмасынын сырткы беттери.
Анан 1979-жылы ислам революциясы болду. Деисламизация саясатын активдүү жылдырып келген Шах Мохаммед Реза, элдик көтөрүлүштөн кийин, Ирандан качууга аргасыз болгон. Бийликке жаңы лидер, аятолла Хомейни келген. 1979-жылдын апрелинде, референдумдун жыйынтыгы менен Иран Ислам Мамлекети болуп калды. Бүгүн бул сүрөттөр үчүн Иранда катуу жаза аласың.
Ирандыктарга жакшы болдубу, же жаман болдубу айтыш кыйын. Тургундар бүгүнкү реалияларды ар кандай кабыл алышат. Бирок, терс кабыл алган күндө дагы айтып чыкпастыгы түшүнүктүү – иранда өлүм жазасы бар.
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.