Болгону 1 фраза, айтканды токтотсоңуз, жашооңуз жакшы жакка өзгөрөт

Мелдешелиби, бул фразаны өмүрүңүздө бир нече жолу айткансыз, эң жаманы, өтө манилүү учурда айтканыңыз.

Мен айтмакмын, маанилүү эле эмес, чечүүчү учурда деп. Моюнга алсаңыз, канча жолу, “Менин колуман келбейт” деп, кылып көрбөй туруп эле айткансыз?

Муну токтотуш керек!

 

Винсент Ван Гогдун бир айтканы бар: “Эгер ички туюмуңдан, “Сен сүрөт тартканды билбейсиң” деген үндү уксаң, анда, кандай болгон күндө да, эмне кыйынчылык болсо да, тиги үн оозун жапканча токтобостон тарт”.

Ошондуктан, эгер бир нерсе кыла албай атсаңыз, үйрөнүүнүн мыкты жолу – аны кылуу. Көйгөй да чечилет.

Бирок, көпчүлүк убакта, бир нерсени кыла албайбыз деп айтабыз, ошол эле кезде бир да жолу кылып көрбөй туруп, же аракет кылбай туруп эле, болбой калды деп моюн сунуп коёбуз.

Өз башыбызга өзүбүздүн колубуздан келе турган нерселер тууралуу гана ойлорду чогултуп алганбыз, алар бизди түп тамырыбыздан башкарып алган.

Кылып көрбөй туруп эле тыянак чыгара беребиз.

 

Эмнеге колдон келбейт деп айтаарыбыз таң калыштуу деле эмес. Колубуздан келбейт, себеби аны башташ үчүн биринчи кадамды аттаган да жокпуз.

Болбой калат деп коркуу, стандартка туура келбей калам деп коркуу – мунун баары коомдун алдында кара так болуп калбаш үчүн эле кылынган аракеттер – мына ушулар бизге тоскоол болот.

Эгер тамак жасагыңыз келсе, музыкалык аспапта ойногуңуз келсе, спорт менен машыккыңыз келсе, сүрөт тарткыңыз келсе, эмне болсо да: туруңуз да кылып баштаңыз.

Бул нерселерге башкача мамиле кылыңыз, сизге чектөө коюп жаткан коркунучту унутуңуз.

Өзүңүзгө айтыңыз: “Балким бул мен үчүн оор болушу мүмкүн, бирок, колуман келишинче, аны ишке ашырууга аракет кылам”. Чыдамкайлык, өжөрлүк жана көп практика керек.

Же болбосо айтыңыз: “Мен кылып көргүм келип атат: эгер кыла алсам, мен үчүн бонус болот”.

Өзүңүздү идеалдуу кылууга жан урбаңыз. Болгону өз ыракатыңыз үчүн, өз каалоолоруңузду канааттандаруу үчүн кылыңыз.

 

Кандай болгон күндө да, коркунучтарды артта калтырып, өзүңүз каалаган нерсени кылууга бел байлайсыз.

Дагы бир эстей жүрчү маанилүү нерсе, кээде баары оордой сезилет, бирок такыр андай эмес.

Бардык нерсе кичинекей бир нерседен башталат. Ал эле эмес, сиз каалаган нерсе тууралуу 1-2 мүнөт аралыгында толтура маалымат аласыз.

Качан гана кылып баштаганда, сиз ойлогондон да жеңил экенине көзүңүз жетет.

Кандай болгон күндө да, кылып көрмөйүн, билбейсиз.

Ооба, моюнга алыш керек, кээ бир адамдар башкаларга караганда бир нерсени кылууда таланттураак болушу мүмкүн.

Бирок, сиз азыр баарын салыштырып баштабайсыз деп ойлойм, коркунучка таянып алып, кылып көрбөй эле, колуман келбейт дегенди баштатасаңыз колуңуздан келбейт.

Болгону өзүңүздү кубанычтан арылтасыз. Ал болсо сизге керек, жана бардыгы өз колуңузда.

Ошондуктан, алга!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.