Болгон окуя: Дубаланган өрүк жеп, балам өрүктөй катып калды...

“Дубаланган адамдын белгилери” деп  силердин сайтыңарда жарыяланганын окуп мен дагы өз башымдан өткөргөн окуяны эл-журтка айткым келди. Бул окуя 2005-жылы болгон. Талас шаарында китепканада иштечүмүн. Бир күнү кафеде курбу кыздар болуп олтуруп Оштон келген жигиттер менен таанышып калдык. Камил деген жигит улам мени бийге чакырып, эмнегедир мага имерчиктей берди. 

 

 

Жакшылап таанышып алдык. Камаз айдап иштейт экен. Таласка товар ташып тураарын айтты. Ал кезде азыркыдай уюлдук телефон,  ватсап, инстаграм жок. Бирок, биздин байланышыбыз үзүлбөй абдан жакын болуп кеттик. “Бойдокмун, кел экөөбүз үйлөнүп алалы, ата-энем каза болгонуна көп жыл болду” деп сырын айтты. Мечитке барып нике кыйдырып алып жашай баштадык. Бир жылдан кийин кыздуу болдук. Камил кызын да мени жакшы көрүп, жаныбыздан чыкпай жакшы эле жашап жатканбыз.

 

 

 Бир күнү Ошко  картошка жүктөп кетти. Көпкө кармалды. Ана келет мына келет деп, он-он беш күндөй жүрүп калды. Санаам тынбай, таңга маал көзүм илинип кеткенде  эшиктин катуу кагылганынан ойгонуп кеттим. Эшикти ачсам Камил туруптур. Колунда базарлык салынган баштыгы бар.

 

 

 

Эжеме жолугуп, үйүндө көпкө жүрүп калдым. Мына силерге Баткендин таза өрүгүнөн берип жиберди деп, мага  жарым килодой кандек өрүк берди. Таптаттуу ширин өрүк экен.  Таңдайыма салып, момпосуйдай соруп жүрүп баягы өрүктүн бирин калтырбай түгөттүм. Өрүк түгөнгөн учурда  кызым катуу тумоолоп калды. Поликлиникага алып барсам салмагы азайып калыптыр.  Кызымдын арыктап азып кеткенин деле байкабаптырмын. Доктур  витаминдерди жазып берди. Кызыма   дары-дармек алып, витаминдерди берип жүрдүм. 

 

 

 
  • Бирок кызым күндөн күнгө  арыктай берди. Дартына дабаа табылбады. Доктурлап Бишкекке чейин бир эмес эки-үч жолу барып келдик. Табити ачылбай чүрүшүп катып, бети карайып, бырыш-тырыш болгон кызымдын кебетесин эстесем азыр да коркконумдан ыйлап жиберем. Ошондой азаптуу бир күнүндө кечке маал сандалып Ош базарынын жанынан өтүп баратсам чоң тыбыт жоолукту белине байлаган көзү сургулт-көк, аткыйган цыган аял алдыман чыга калды.

 

 
  • Дуба, чоң кыз дуба. Балаң дубаланып  катып калыптыр. Өрүктөй катып калган... кеч...баары кеч. Эми өзүңдүн камыңды көр. Дуба өлүмгө жасалган, деди. Коркконумдан жүрөгүм шуу этип артыма кайрылбай качтым.

Цыган аялдын айтканы келип  алты айга толуп балканактай балкайган, жакшынакай Адинай деген кызымдан айрылып калдым! 

 

 

 

Шорум катып ыйдан көзүм ачылбай жүргөн күндөрдүн биринде курбу кыздарым “Кебетеңди карачы, бетиңди кара сепкил басып кетиптир” дешти. Күзгүнү карасам арбактай болуп арыктап, эки бетимкарарып сепкил баскан.

 

 

Көзү ачыкмын дегендерге барып, алардын айтканын кылып, сеанстарына катышып жүрүп өзүмө келдим. Акырындап бетимдеги сепкил кетти. Бирок, арык бойдон кала бердим. Канча тамак жесем деле катып калган немедей толбой койдум. Камил да кетип калган. Күндөрдүн биринде эле капысынан жок болуп кетти. Дайын дарегин биле албадым. Сураштырсам үйлөнгөн дешти, бирөөлөр балалуу болгон дешет. Бактылуу болсун дегенден башка эч нерсе дей албай кала бердим...

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.