Биздин сүйүктүү пельмендер чындыгында эмнеден жасалат

Нерви жукалар көрбөгүлө.

 

 

 

Жакында соцтармакта украиналык укук коргоочу Владимир Косенконун посту жарыяланды. Ал өзүнүн фейсбук баракчасында маанилүү маселени козгоду: пельмендер жана алар каяктан алынат.

Косенко эмне деп жазды:

«Менин байкем баарыбыз сүйгөн пельменди, варениктерди жана башка бат даярдалуучу азыктарды даярдоочу өндүрүштө иштейт. Ошондуктан мындай азыктарды биз сатып албайбыз.

Жок, ал жеңине катып чыкпайт, кептин баары мындай азыктын курамына кирген “этте” – аны обвалка деп аташат. Мындай эт ошондой эле колбасаларда жана башка эт камтыган азыктарда колдонулат.

Обвалка деген эмне? Бул сөөк, тери, тооктун жараксыз эттери жана өлгөн малдын эттери. Алардын баарын аралаштырып атайын центрефугага салып айландырганда, эттери сөөктөн ажырап, фаршка окшогон бир масса пайда болот.

Жергиликтүү бренддер кутусуна таанымал ашпозчулардын сүрөтүн коюп, атайын кол менен сиздер үчүн жасалгандай ой жаратышат. Даамдуу жана табигый татымалдар менен жасалган деген жарнамаларды байма-бай эле көрүп жүрөбүз го.

Сүрөттө сүйүктүү пельмендердин ичине салынчу эт алынган так ошол сөөктөр»

Бул пост тармакта көптөгөн чууну жаратты, ошондуктан биз аны изилдеп көрөлү дедик – чын эле пельмендер кантип даярдалат.

Биз эмне билдик...

Сапаттуу уй эти, таза сүт, жаңы казылган пияз, жогорку сорттогу ун, жумуртка, сапаттуу татымалдар жана башка рекламалык сулуулуктар – арзан баадагы пельмендерде болбойт. Чынында эле уйдун этинин ордуна тооктун этин, арзай уй майын, тооктун терисин, ароматизаторлор жана соя текстураты колдонулат.

Акыркы кошулма – бул, эт кесимдери тийип калгандай элес түзгөн атайын ингредиент. Ошондой эле арзан пельменде жумуртка да болбойт – анын ордуна жумуртка порошогу колдонулат.

Кийинки этапта караганин, модификатталган крахмал жана фосфат кошулат. Алар нымдуулукту сактап кошумча салмак берет.

Арзан пельмендин курамына кирген дагы бир ингредиент – даамды күчөткүч. Нымдуулукту сактоого соя же буудай клетчаткалары жардам берет. Бул кошулмаларга тыюу салынган эмес, бирок ашырбоочу, кандайдыр бир норма сакталышы керек. Андан сырткары дүкөн пельмендеринде консерванттар, антиоксиданттар жана башка толтура препараттар болот.

Биринчи сорт ундун ордуна экинчи сорт колдонулат, анын өңү боз түстүү болуш керек, бирок апакай кылып, сапаттуу азыктын өңүн көргөзүү үчүн камырга түс бергич – тиш пастанын курамына кирген титан диоксиди Е171 колдонулат.

Ошентип, ундун актыгы көбөйөт, ошону менен бирге ден соолук үчүн коркунуч да көбөйөт – бул түс бергич рактын өнүгүшүнө себепкер болот.

Жыйынтык: дүкөн пельменинен баш тартыңыз! Үйдө жасалган пельменди сатып алыңыз, андан жакшысы, өзүңүз жасаңыз. Ооба, кымбатыраак чыгат (соя текстуратын үйүңүздө колдонбосоңуз керек), бирок ичи “обвалкадан” эмес, чыныгы таза эттен жасалганын билип турасыз.  

Айтмакчы, нервиңиз канчалык калың? Мына бул видеону көрүңүз:

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.