Биздин организмдин 8 коргоочу системасы. Ыктыткан бул тизмеге кирээрин билген эмесмин

Адамдын организми – көбүн түшүнүп болбогон, өтө татаал системалардын жыйындысы. Бул системалардын бири болуп, дененин коргоо системасы саналат. Ал бизди суткасына 24 саат, жумасына 7 күн тынымсыз, денеге залал тийгизчү сырткы факторлордон коргойт.  

Бүгүн биз коргоо системасынын 8 функциясы тууралуу сөз кылабыз.

 

Керилүү

Биз, организмди күнүмдүк күтүп турган физикалык оордуктарга даярдайбыз. Керилип жаткан убакта булчуңдар жазылып, кан айлануу калыбына келет жана маанай ачылат.

Чүчкүрүү

Адам, мурун көңдөйүнө алергендер, микробдор, чаң жана башка дүүлүктүрүүчүлөр толуп кеткенде, ал “мусордон” тазалоо үчүн чүчкүрөт.

Эстөө

Эстөөнүн башкы функциясы ысып кетүү менен ашыкча чарчагандан меээни сергитүү жана салкындатуу.

Ыктытуу

Адам бат-бат тамактанганда жана тамакты чоң кесимдер менен жутканда, же көп жеп алганда – тентиме нерв дүүлүгөт. Ал биздин ашказан жана диафрагма менен байланышта. Ошондуктан ыктытабыз.

 
Миоклоникалык карышуу

Бул, жаңы уктап келатканда чочуп ойгонуп кеткендеги кез. Ушул кезде катуу тырышып, калчылдап ойгонуп кетесиң.

Адам качан уктап келатканда, дем алуу менен пульс жайлап, булчуңдар бошоңдоп баштаган болот. Ошол маалда мээ организм өлүп бараткандай сигнал алып, адамды бат ойготуп, сактап калганга аракет кылат.

Суудан теринин былжырап калышы

Манжалардын нымдан былжырап калышы чоң ролду ойнойт. Организм ашыкча нымдуулукка кабылганда, айлананы тайгалак болгондой кабыл алат. Ошондуктан тайгалакка жакшы жабышчаак болуш үчүн манжаларыбыз былжырак болуп калат.

 
Өрдөк тери

Денедеги майда быдырлардын негизги функциясы – жылуулукту тешикчелер аркылуу көлүп чыгарууну көзөмөлдөө болуп саналат. Ошондуктан, дене үшүгөндө, тери быдырланып, тешикчелерди жабып, жылуулукту денеден чыгарбаганга аракет кылат.

Жаш

Жаш көздү майда нерселерден, чаңдан гана сактабастан, организмдин эмоциялык коргоочусу болуп да эскптелет. Стресс убагында организм жаңы, күчтүү дүүлүгүү жаратып, жаш аркылуу адамды андан алаксытат.

Биз, өз денебизге ыраазы болушубуз керек, себеби ал дайым бизди коргоонун үстүндө иштейт. Организм дайым көзөмөлдүн алдында турат.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.