Биз күндө тамакка колдонгон ак уу. Бул туз эмес, шекер дагы эмес

Биз, ден соолукка кандай гана зыян келтирээрин ойлонбой, дайым тамакка колдонгон ингредиенттердин бири – натрий глутаматы Е621 – тамак аштын бардык түрүнө колдонулат. Аны уялбастан эле ресторандын баары колдонушат.

Натрий глутаматы Е621 ак түстөгү кристалл порошок болот, шекер менен тузга аябай окшош. Суюк абалда дагы болот. Натрий глутаматын колдонгондо, ал аппетитти ачып, тамакты көп жедирип, семирүүгөө алып келет.

Ал наркотикке окшоп мээнин клеткаларына таасир берип, канга сиңет да, даам татууга жооп берчү гендерди өзгөртөт.

Бул ингредиент тамак-аштын бардык түрүндө колдонулат: сосиска, хот-дог, чипсы, кукси, консерва, пиво жана башка. Чоңдор үчүн мүмкүн болгон норма 1,5 г, ал эми балдардыкы жарым грамдан аз болуш керек.

Белгилей кетчү факт, дүйнөдө жылына бул кошулманын 200 миң тоннасы колдонулат. Ашыкча жегендин жалпы симптомдору: баш айлануу, мигрень, көздүн көрүүсүнүн начарлашы, жүрөк айлануу, алсыздык, көкүрөктүн оорушу, жана башка. Ошондой эле кытай ресторанынын синдрому деген ат менен белгилүү.

Биринчи жолу 1907-жылы япон окумуштуусу Икэда Кикунае тарабынан ачылган, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү тамак аштын көбүнчөсүнө колдонулат.

Тамактын даамы менен жытын жакшыртканы менен, көптөгөн кыйыр таасирлери бар. Тилдин даам сезүү рецепторлоруна таасир берип, тамакты даамдуу кылып көрсөтөт. Ошондуктан көптөгөн адамдар чипс, кукси жана башка даяр тамактарга отуруп калышат.

 

Ошондой эле, лабораториялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, натрий глютаматы менен тамактанган чычкандар сокур болуп калышкан.

Тамак даярдоочулар үчүн Е621 ушунчалык пайдалуу болот, ал продукциянын баасын гана арзандатпастан, сатыгын дагы көтөрөт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.