Биз дайыма жеген бул 5 азык Ракты чакырат

Окумуштуулардын изилдөөсү менен рак оорусун чакырган азыктардын тизмеси жарыяланды. Алардын арасында ар бир адам сүйүп жеген тамактар бар. Анда алар кайсылар экенин билип алалы.

Попкорн

Өзгөчө кино көрүп отурганда желген жүгөрүдөн жасалган азык ракты чакырат экен. Мунун баары анын даярдоо ыкмасында. Аны майдын буусуна ысытып жасаганда перфторокаприл кислотасы бөлүнүп чыгат.

 
Колбаса, сосиска

Белокко бай бул азыктарды да аздан колдонуңуздар. Булар жасалып жатканда арасына рак клеткаларын ойготуучу нитриттер кошулат. Нитриттер башка азыктарда дагы бар бирок, колбаса, сосискаларда өзгөчө көп болот экен.

 
Консерваланган азыктар

Окумуштуулардын бул азыктар боюнча ойлору ар башка. Алардын көпчүлүгү мындай азыктарда рактын себеби болгон бисфенол А бар экенин аныкташкан. Мындай азыктарды аздан колдонуңуз жана алып жатканда майда жазууларга көңүл буруп бисфенол А жок деген жазуу бар болсо гана колдонуңуз.

 
Кола

Көнүп калган бул суусундукту ичээрден мурун бир аз ойлонуңуз. Анткени коланы кара түстө чыгаруу үчүн канцорегендүү бойогучтарды кошушат. Жана анын курамында фруктоза көп өлчөмдө болот. Алар аралашып организмдеги рак клеткаларды ойготушат. Коланы азайтыңыз же таптакыр таштап салыңыз.

 
Майсыздандырылган азыктар

Мындай азыктарды көбүнчө арыктайм деген адамдар колдонушат. Арыктоого жардам берет жана ошол эле учурда ракты ойготуп алууга жакшы шарт түзөт. Диета кармоочу азыктардын баарын айтайын майдан арылтып жасашат. Аны жеген учурда курамында май жок болсо да бирок майдын даамы келет. Мунун баары химикаттарга толтурулуп жасалат.

 

Мына ушундай азыктарды көп колдонгондо рак илдетине кабылып калуу деңгээли жогору болот. Ошондуктан эмне жеп, эмне ичип жатканыңызга жакшылап көңүл буруңуз. Оорубаныз.

Facebook барагыбызга жазылыңыз