Биттен ылдам арылуунун эң эффективдүү жана арзан ыкмасы

Баш бити - адамдын чачында жашап, баш теринин канын соргон кичинекей курт-кумурскалар түрү. Өтө дүүлүктүрөт жана да жугуштуу болот. Ага карабай бит негизинен ден соолукка залакасын деле тийгизбейт. Эч кандай оору жуктурбайт. Бирок, тез көбөйгөндүктөн тазалап жетишиш кыйынчылык туудурат.

 

 

Көбүнчө жаш балдар бала бакчадан, мектептен жуктуруп алганга жакын. Албетте, базарда битке каршы каражаттардын түрүн тапса болот, бирок баары эле эффективдүү эмес, анын үстүнө кымбат да турат. Мүмкүн көп акча, убакыт коротуп каалаган жыйынтык ала албайсыңар. Интернеттен ар кандай ыкмаларды издеп, окуп тажап бүтсөңөр, биз көйгөйүңүздү чечкенге чындап жардам берчү ыкманы сунуштайбыз.

Ингридиенттер
  • Ооз чайкагыч (ополаскиватель)
  • Душ үчүн баш кийим
  • Уксус
  • Майда тиштүү тарак
  • Сүлгү
Инструкциясы
  • Ооз чайкагыч менен баланын башын жууңуз.
  • Баш кийимди кийгизип, сүлгү менен ороп коюңуз.
  • Бир сааттан кийин баш кийимди чечиңиз.
  • Башын ашкана уксусу (6%) менен жууп, дагы бир саатка баш кийим кийгизип, сүлгү менен ороп коюңуз.
  • Майда тиштүү тарак менен тараңыз.
 
Кантип жардам берет?

Тиш чайкагычтын качырган күчтүү жыты бар, уксус жумурткаларын (сиркелерин) жоготот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.