Биринчи эле жумуш күнүндө башкармасынан тил укту. Бирок жигиттин жообу аны бат эле ордуна койду

Бир жаш жигит Түндүк Дакотадан Флоридага көчүп келип, жакынкы универмагга жумуш издеп барыптыр.

 

 

Начальник андан сурады: "Иштөө тажрыйбаң барбы?"

"Ооба" - деп жооп берди тиги, - "Түндүк Дакотада чаң соргуч сатып иштегем".

Начальник анын иштеп кетээрине анча көзү жеткен жок, ошентсе да мүмкүнчүлүк берүүнү туура көрдү. "Макул, эртең баштасаң болот! Дүкөн жабылганда келип, сенин ийгилигиңе көз салам".

 

Биринчи жумуш күнү оор өттү, бирок жигит сыноону көтөрдү. Дүкөн жабылган соң, начальник сатуу бөлүмүнө келди.

"Бүгүн сенин канча сатып алуучуң болду?" - деп сурады босс.

Жигит кабагын бүркөп: "Бир", - деди.

Босстун кебетеси өзгөрө түштү: "Кантип бир!? Адатта бизде бир сатуучуга күнүнө 20-30 кардар туура келет! Болбойт мындайың! Бизде талап катуу, сен бизге туура келбейт экенсиң!"

 

 

Жигит жерди карап калды, кебетеси корккондой көрүнгөндүктөн начальнигинин боору ооруй түштү. Ошондо кичине жумшагыраак, бирок дагы эле каардуу түрдө сурады: "Макул эми айтчы, ал канча акчасын коротту?"

Жигит көзүн көтөрүп: "101237 доллар 65 цент", - деди.

Оозу ачылган начальник: "Канча?! Сен ага, анчалык сумма короткудай эмнени саттың?"

 

 

Жигиттин жообу начальнигинин оозун ого бетер ачырды: "Башында ага жаңы кайырмактарды саттым, анан ал кайырмактарга модада болуп жаткан укурукту сунуштадым. Каякта балык улоорун билген соң, жаңы моторлуу резина кайык керектигин айттым. Бирок анын Хондасына кайык батпай калгандыктан, машина саткан бөлүмгө барып прицеби менен Pajero тандап бердим".

"Демек, кайырмак алам деп келген адамга кайык менен машина сатып жибердим дегиң келип турабы?" - деп боссу дале оозун ачкан бойдон сурады.

 

 

"Жок, жок! Ал өзүнүн аялына пачка тампон алганы эле келген. Мен болсо, дем алыш күндөрүңүз баары бир өлүптүр, андан көрө балыкка барып, эс алып келгениңиз жакшы деп ынандырдым".

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.