Бир жолу досума келсем, ал аялынын ич кийимин көргөздү...

Бир нече ай мурун досум үйүнө келип кетүүмдү өтүнгөн. Түз эле уктоочу бөлмөсүнө киргизип комоддун тартмасынан пакет алып чыкты. Андан аялынын укмуш ич кийимин алып чыгып көрсөттү.

 

 

 

"Мен муну, биз биринчи жолу Парижге барганда сатып бергем, андан бери он жыл өтүп калды. Бир жолу да кийген жок, өзгөчө учурга сактап жүргөн. Бүгүн ошол өзгөчө учур келди окшойт", – деп калды.

 

Керебеттин жанына басып келип ич кийимди өлүктү көмүү үрп адатына даярдалып турган кийимдеринин үстүнө койду. Кечээ досумдун аялы каза болуп калган эле...

Ал көпкө кийимдерди тиктеп турду да, мага бурулуп акырын шыбырады:

– Билесиңби, мен эми түшүндүм, өзгөчө күнгө деп эч нерсени катпаш керек экен. Ар бир мүнөт, ар бир саат, жашап жаткан ар бир күнүң, ошол өзгөчө учур.

Анын сөздөрү... менин жашоомду толук өзгөрттү.

Мен азыр жакшы көргөн китебимди ананкыга калтырбай окуйм. Жумушта кечке чейин отура бербей жакындарыма жана досторума бат баттан жолугуп турам. Биздин жашообузду баалашыбыз керек экенин эми түшүндүм.

Үйлөнүү тоюбузда белекке берген кымбат баалуу хрусталь бокалды колдоном. Жөн эле дүкөнгө чыгыш керек болсо да эң жакшы костюмумду кием. Жакшы көргөн атырымды майрамдарда эле эмес, күндө колдоном. "Качандыр бир" жана "бир күнү" деген сөздөрдү колдонбой калдым. Эми мен баарын азыр көрүп, билип, сезгим келет.

Эгер досумдун аялы эртең өлөөрүн билгенде эмне кылат эле, ойлонуп жатам. Көптөн бери жолукпай жүргөн досторуна чалып, баардык жакындарын чогултмак болсо керек.

Эгерде менин күнүм саналуу болсо, бүтпөй жаткан жумуштарым мага тоскоол болуп, мени кыжырлантмак. Качандыр бир жолугам деп жүргөн эски досторума жолукпаганыма ачууланмакмын. Жазылбай калган каттарга кыжырланат элем. Жакындарыма кандай сүйөөрүмдү айтып турбаганыма өкүнөт элем.

Бүгүн мен бактылуу болгонго бир да мүмкүнчүлүктү кое бербейм. Терс эмоция бере турган бир да нерсени сактабайм. Жашап өткөн ар бир мүнөт, ар бир күн бүл өзгөчө экенин өзүмө эскертип турам.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.