Бир айдын ичинде кантип сулуу болсо болот: 10 кеңеш

Жылдын кайсы убагы болбосун, организмибиз, чачыбыз, терибиз, тырмагыбыз, баары жакшылап кам көрүүгө муктаж болуп турат. Төмөнкү кеңештерди окуп, жашоодо колдоно жүрүңүз.

 

 

1-кеңеш

Эртең менен ачкарын 1 аш кашык зыгырдын уругун жеп жүрүңүз. Жакшылап чайнап, жылуу суу менен жутуп коюңуз. Жарым сааттан кийин тамактана берсеңиз болот. Бул кандай эффект берет десеңиз, бул организмди өтө жакшы тазалайт. Териңиз тегиз болот жана жаңырат. Анан дагы, кичине арыктатат. Зыгырдын уругу андан сырткары, чачты жана тырмакты бекемдейт. Бирок эсиңизде болсун, организмиңизде таш болсо зыгырдын уругун жегенге болбойт.

2-кеңеш

Күнүгө тамакка бышкан кызылчаны колдонуу. Эртең менен болобу же кечки тамакка болобу, сизге кандай ыңгайлуу болсо. Кызылча – канды тазалоочу уникалдуу азык. Ал эми кандын тазалыгы бул, жакшынакай келбеттин көрсөткүчү эмеспи. Бул ыкма териге жана ички органдарга да жакшы таасирин тийгизет.

3-кеңеш

Күнүгө жатаардын алдында бетиңизге глицерин менен Е витамининин кошулмасын сүйкөп жүрүңүз. Аны даярдоо өтө оңой: 30 грамм глицеринге, 10 капсула витамин Е-ни алабыз. Капсуланы ийне менен тешип идишке майын сыгып алып, экөөнү аралаштырабыз. Мунун баарын дарыканадан арзан эле алса болот. Бетке коердун алдында, бетти тазалап алып, бетке жумшак щетка менен кичине кызартып, укалап алабыз. Ушундай кезде беттин териси пайдалуу заттарды жакшы сиңирип алат. Бир гана жери, глицерин бетке сиңип кеткиче, тери кичине жабышчак болот. Күнүгө эртең менен териңиздин өзгөргөнүн көрөсүз. Бырыштар жазылып, теринин өңү тегизделет. Көздүн тегерегиндеги бырыштарга абдан жакшы жардам берет.

4-кеңеш

Күнүнө 50 грамм жаңгак жеп туруңуз. Ар кандай сиз жакшы көргөн түрлөрүн. Чачыңыз менен тырмагыңыз 2 жумадан кийин сизге рахматын айтат.

5-кеңеш

3 күндө бир чачыңызга сары кычынын (горчица) кургак упасынан маска кылыңыз. Ага суу майдан кошуп, каймактай болгуча аралаштырабыз. Сууланган чачка сүйкөйбүз дагы 20-30 мүнөткө коюп, жууйбуз. Бир ай колдонгон соң, өз чачыңызды тааныбай каласыз.

6-кеңеш

Өзүңүзгө уктоого байпак алып алыңыз. Жатаардын алдында жуунуп чыккан соң, бутубузду бир нече тамчы жалбыз (мята) майы кошулган май менен майлайбыз. Андан соң байпакты кийип ошо бойдон жатабыз. Бир айдан соң сиз бутуңуз менен мактансаңыз болот. Көлдүн сезону алдында колдонсоңуз өтө жакшы болот.

7-кеңеш

Эми кирпигибизге кам көрөбүз. Бизге кирпик боечу туштун идиши керек. Анын ичин өз щеткасы менен самындап жакшылап жууп алабыз. Кургатабыз. Ичине жаңы өсүп келе жаткан буудайдын майын тамызабыз. Бүттү! Кирпикти өстүрүүчү, бекемдөөчү колго жасалган дарыбыз даяр. Уктаардын алдында майды, кирпиктин болгон узундугуна сүйкөйбүз. Өтө көп сүйкөөнүн кажети жок. Бир айдан кийин кирпигиңиздин узарып, коюулуп, өсүп калганын байкайсыз.

8-кеңеш

Денебиздин терисине кам көрөбүз. 1 стакан деңиз тузун алабыз (жөнөкөй, йоддолгон туз деле болот), ага 1 стакан коюу каймакты кошобуз. Жуунуп бүткөн соң, колкап жышыгыч менен денебиздин баарын, моюнду жасалган кошулма менен укалап сүйкөйбүз, андан соң жылуу суу менен жуунабыз. Эринбей ар бир жуунган сайын сүйкөө керек. Кошулманы муздаткычта кармоого болот. Туз денедеги чор болгон бөлүкчөлөрдү тушүрөт, тазалайт. Ал эми каймак болсо, тузду жумшартып терини тытып кетпешине көмөктөшөт жана клеткаларды азыктандырат. Дайыма колдонуп жүрүу жакшы жыйынтыктарды берет.

9-кеңеш

Дагы бир жолу тери жөнүндө. Өзүңүзгө амарант майын алып алыңыз. Бул май денеге 100 пайыз сиңимдүү. Бырыштарга, тырыктарга, күйүккө жана башка теринин көйгөйлөрүнө өтө жакшы жардам берет. Бул майды күнүгө бетке, денеге сүйкөп туруу керек.

10-кеңеш

Чачыңызды чайкаганга өзгөчө сууну даярдап алыңыз. Сууга жөн гана бир нече тамчы ментолдун майын кошуп коесуз (1 литрге 5 тамчы), ар бир башыңызды жууган соң чайкап туруңуз. Башыңыздын терисин жеңилдетет жана жаңылайт. Бул ыкма баш оорудан да арылтат. Чачтын өтө майлануусуна да жакшы жардам берет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.