Билесизби, эмнеге канды аты жок манжадан алаарын

Кан бардык жерде эле бирдей, бирок анализге кан алгында так ошол аты жок манжадан алат. Эмнеге, манжалар толуп атса, так ошол манжаны эзе берээрин ойлондуңуз беле?

 

 

Канды алганда так ошол аты жоктон алыш сунушталат. Анын бир нече себеби бар:

1. Оорубагандык
Бармак, сөөмөй жана ортонго караганда, аты жок адамдын кыймыл аракетине көп катышпайт. Ошондуктан бул манжанын териси башкаларга караганда жукараак, ал өз убагында оңой жана азыраак оорутуп тешүүгө мүмкүндүк берет.

2. Инфекция киргизип алуу коркунучунун аздыгы
Кандай гана жаракат болбосун, инфекция жугузуу коркунучу бар. Бармак менен чыпалактын терисинин ички катмары алакандын ички катмары менен түздөн-түз байланышкан. Эгер ал манжаларга инфекция кирсе, ал бүт колго бат эле жайылып кетиши мүмкүн. Ал эми башка манжалардын ички тери катмарлары башкаларынан обочолонгон, жана тешип жаткан убакта инфекция кирсе, кандайдыр бир убакка чейин тарап кетпей, чектелип турат. Ал болсо инфекцияны жайылтпай, бат айыктырганга жардам берет.

 

3. Бат айыгуу
Биринчи себептен экинчиси келип чыгат. Аты жок көп кыймылдабагандыктан, ал манжадагы жаракат бат айыгат жана инфекция кирүү коркунуч азыраак болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.