Билесизби, эмнеге чиркейлер магниттей эле сизге жабышаарын?

Жай да келди, күндүн ысыганына сүйүнүп, алдыдагы эмгек эргүүлөр көзгө тартыла баштадыбы? Бирок маанайды түшүрө турган бирөө болот. Албетте, ал чиркей! Аларды ойлонсоң эле денең кычышып баштайт. Эгер бул кан соргучтар сизди эле чага берсе, анда анын себебин билип алганыңыз туура.

 

 

Дүйнөдө чиркейдин 3000ге жакын түрү бар, бирок алардын 200ү гана адамдарды чагат. Жана алар чиркейдин ургаачылары. Алар күн жылыганда көчөгө аңчылыкка чыгышат. Күн ысыкта алардын жумуркалары жарылып, майда чиркейлер чыгат. Чиркейлер нымдуулукту жакшы көрүшөт, ошондуктан аларды көбүнчө саздарда, суулардын жана көлчүктөрдүн жээгинен жолуктурабыз.

 

 
Чиркейди эмне кызыктырат?

Чиркейлер өзү акула сыяктуу. Алар да жыт менен түскө реакция кылышат. Аларды кызыктыра турган дагы бир нече нерсе: көмүр кычкыл газы, бактериялар, дененин жыты жана алкоголь.

Адам дем алганда көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Канчалык көп бөлүп чыгарса, чиркейди ошончолук өзүнө тартат. Чиркейлер СО2ни 45 метр аралыктан сезе алышат. Салмагы чоң адамдар жана кош бойлуу аялдар көмүр кычкыл газын көп бөлүп чыгарышат, ошондуктан аларды чиркей көп чагат.

 

 

Ошондой эле, спорт менен машыккан адамдар же алкоголь ичкен адамдар CO2 газын көп бөлүп чыгарышат. Алкоголь көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын алда канча көбөйтөт, демек сизди чиркейлер үчүн даамдуу тамакка айлантат.

Табияттан эле, адамдын жыты чымын-чиркейди же өзүнө тартат, же кубалайт. Сүт жана заара кислоталары, бактериялар жана тер мыкты татканткыч жем болуп саналат, бирок сиздин денеңиздин жыты да өз ролун ойнойт. Эгер сиз көптөн бери жуулбаган көйнөк кийип алсаңыз, анда ал чымын-чиркей үчүн ачык чакырык болуп калат.

 

Окумуштуулар, кээ бир адамдардын табигый жыты чиркейлерди кубалай алаарын байкашкан. Бул генетикалык өзгөчөлүк. Сиз кан соргучтар үчүн жагымсыз жыттанганыңыз үчүн, алар сизди чакпашы мүмкүн.

Кийим дагы кан соргучтарды өзүнө тартат. Кийим денени канчалык коргогон күндө да, кээ бир күңүрт түстөр, мисалы, кара жана көк түстөр, чиркейлер үчүн магнит болот. Кызыл түс да өзүнө тартат.

 

 
Чиркейлер эмнеден качат?

Чиркейди качыруунун көп ыкмалары бар. Эң биринчи орунда - бактериялардан тазалаган, тер менен жагымсыз жыттардан арылткан душ турат.

Тыгыз кездемеден тигилген кийим кийиңиз, алардын сыртынан чиркей чага албайт. Ачык түстөгү кийим кийгенге аракет кылыңыз. Тери үчүн лосьон колдонуңуз, чиркейлерден жакшы коргойт.

 

 

Белгилей кетчү нерсе, чиркейлер күндү кайсы бир мезгилинде активдүү болушат, мисалы таңга маал жана күн батканда.

Желдеткич күйгүзүп койсоңуз, аларды учуу траекториясын өзгөртөт. Ошондой эле атайын каражаттарды да колдонсоңуз болот.

Негизи, чиркейдин чагышынан такыр кутула албайсыз, бирок, эми кантип азайтышты билесиз.

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз