Билерикти айымдар сулуулук үчүн тагынат деп ойлойбуз. Тарыхый тасмаларды көргөндө баатырлар, падышалар түркүн билерикти билегине эмес каруусуна тагынып алганын байкасак болот.
Билерик тагынуу эмне үчүн мода болгон? Ал мода азыркыга чейин актуалдуулугун жогото элек. Көрсө эң биринчиден билерик билектеги күрөө тамырлар аркылуу адамдын ден соолугуна таасир берет экен.
Дарылык үчүн билерикти сол колго тагынышы керек. Билерик колдун муунундагы ири күрөө тамырларга тийип турганы абдан жакшы. Дарылык үчүн колдонгон билерикти ай толгон учурда шар аккан сууга жууп, түнкүсүн ачык терезе алдына айдын нуру тийе тургандай коюп коюу керек. Эртең менен демейдегидей эле билерикти тагынып алыңыз. Кээде эфир майы менен сүртүп койсоңуз да пайдалуу.
Алтын билерик жумушу абдан көп адамдарга пайдалуу. Анткени алтын адамга куч-кубат берет, жүрөктүн иштешин жакшыртат. Бирок, алтындын энергиясы Бөйөн, Чаян жана Балыктарга жакпай калышы да ыктымал. Өзгөчө Күн алардын зодиак белгисине келгенде. Алтынды абайлабай пайдалануу бул адамдарды ачуулуу кылып депрессияга батырат.
Күмүш билерик акыл эмгеги менен иштегендерге керектүү зат. Чыгармачылык менен алектенгендерге, илим изилдегендерге керек, анткени күмүш эс тутумду жакшыртат. Күзүндө, кышында тагынса иммунитети күчөтүп ооруу-сыркоодон сактайт. Күмүштүн дагы бир касиети дубадан жана көз тийүүдөн коргойт.
Янтарь билерик баш оорудан кутултат. Ичегилердин, бөйрөктүн иштешин жакшыртат. Аба ырайынын таасирине бат берилген адамдарга эң пайдалуу билерик. Янтарь адамды көз-назардан коргойт. Эгер янтардан жарака кетсе демек сиз назарлагансыз. Мындай учурда янтарды таза отко өрттөп жиберүү керек.
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.