БиБиСи – Короновирус тууралуу – майда-чүйдөсүнөн бери…

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган таажылуу вирус тууралуу ушунчалык көп маалыматтар туш туштан жамгырдай жаап жаткан учур. Окурмандар үчүн илдет туурасында эң маанилүү 80 далилдүү фактыны топтодук, - деп жазат БиБиСи. Бул топтом сиздердин суроолоруңузга жооп берет деген ойдобуз.

 

1-факты. Covid-19 жана SARS-CoV-2 – эки башка. Covid-19 - таажылуу вирустан пайда болгон оору, (D - кыскартылганда 'disease'), SARS-CoV-2 -  вирустун аталышы.

2-факты. CoV – CoronaVirus деген сөздүн кыскартылып айтылышы, коронавирус вирус жамааты (алар 40ка чамалуу), сыртынан караганда күн таажысына окшош, учтуу бүдүрчөлөр менен капталган.

3-факты.  Коронавирустар - биологиядагы алдамчы нерселер. Ар бир учтуу бүдүрчө пайдалуу молекула сыяктуу сезилет, ошондуктан клетка рецепторлору аны өзүнө кубана кабыл алат, ошентип вирус учтуу тумшугу аркылуу клеткага кирип, жугуу процесси башталат.

4-факты. “Жаңы коронавирус" (novel же nCoV) мурун окумуштуларга да, адамзатынын клеткаларына да бейтааныш вирус.

5-факты. Биздин иммундук системабыз 2 млн жылдан бери белгилүү жугуштуу ооруулар менен күрөшүп келген, бирок, жаңы таажы вирусту тааныбагандыктан ага алы жетпей оору бат тароодо.

6-факты. Клеткага киргенден кийин вирус клетканы бүтүндөй ээлеп алат да, белоктун ордуна өзүнүн көчүрмөсүн бөлүп чыгарууга мажбурлайт. Натыйжада чынжырланган реакция башталып, клеткалар өлүп, жугуштуу ооруну алып жүргөн адам башкаларга жуктура баштайт.

7-факты. Баштапкы этапта жаңы таажы вирусу тамак жана дем алуу органдарына активдүү жайылып, андан соң өпкөнү сезгендирет.

8-факты. Ошондуктан оорунун эң биринчи белгиси жөтөл, андан соң адамдын дене табы көтөрүлө баштайт.

9-факты. Кээде дене табы көтөрүлбөйт, мисалы, Уханда 30% ооругандардын дене табы өз нормасында болгон.  

10-факты.  Оору жуккандардын 18%да же ар бир бешинчиси жөтөлбөйт дагы, илдеттин эч кандай белгилери байкалбайт, кыскасы адам ооруп жатканын билбейт.

11-факты.  Мына ушундай илдеттин эч бир белгиси байкалбаган оорулуу ооруну башкаларга тездик менен жуктура баштайт.

12-факты. Эгер Covid-19 жеңил формада болсо анын белгилери кадимки сасык тумоого окшош болот, адамда жалпы алсыздык, кургак жөтөл болуп, дене табы көтөрүлүп, кээде булчуңдары ооруксунуп, башы ооруйт.

13-факты. Мындай болгондо бейтап кадимки сасык тумоону дарылагандай эле үй шартында дарыланат.

14-факты. Таажылуу вирустун адаттан тыш дагы бир белгиси – бул даамды жана жытты сезбей калуу.

15-факты. Бул белги баардык оору жуккан бейтаптардан байкалбайт, жана бул илдеттин жалгыз белгиси болушу мүмкүн эмес. 

16-факты.  Эгер адам кокусунан жыт  жана даамды сезбей жатса, анда бул кооптуу белги, дароо врачка көрүнүү зарыл.

17-факты.  Маанилүү: Илдетти жугузган адам орунун биринчи белгилери байкалса да байкалбаса да, оору жуккандан баштап эле айлана чөйрөдөгүлөргө үчүн кооптуу.  

18-факты. Жакшы жаңылык: вирус канчалык коркунучтуу болсо, ошончолук начар таралат. Ошондуктан, эгер ээсин өлүмгө учураткан болсо, андан ары башкаларга жукпайт. Вирус мутация болуп, өлүмгө учуратуучу формага өтпөйт – бул анын кызыкчылыгы эмес.

19-факты. Жаман жаңылык: SARS-CoV-2 – бул башка категорияга кирет. Бул вирус өз ээсин ооруну жуктуруучу объект кылат, анын белгилери дароо байкалбайт же таптакыр эле байкалбай өтөт, кыскасы вирусту алып жүрүүчү бир нече адамга жуктурганга үлгүрөт.

20-факты. Орточо эсеп менен алганда, вирусту алып жүрүүчү 2 же 4 дени сак адамга жуктурат. Бул сасык тумоого караганда 3 эсе аз, кызамыкка карганда кыйла аз.

21-факты. Башка жугуштуу оорулардай эле SARS-CoV-2нин дагы супержугузуучулары бар, алар жүз, балким миңдеген адамдарга жугузат.

22-факты. Түштүк Кореяда вирустун жугушун ооздуктап турушкан, ооругандардын саны 30га жеткен эмес. Бирок, “31-пациент” коддук ат алган бейтап аял бир заматта 1200 адамга вирусту жугузду.

23-факты. Ал абдан динге берилген адам болгондуктан, Корея бийлиги тыюу салганын тоготпой, жөтөлүп, дене табы жогору болгонуна карабастан чиркөөгө бара берген.

24-факты. 10 күн ичинде Түштүк Кореяда ооругандардын саны 30дан 5000ге чейин өсүп кетти.

25-факты. Covid-19 вирусунан өлгөндөрдүн санын азырынча так санакка алуу татаал. Бирок көпчүлүк изилдөөлөр аны деңгээлин 1-3% деп белгилешүүдө.

 

26-факты. Бул кадимки сасык тумоого салыштырганда 20 эсе көп, бирок, SARS (10%)  жана MERS (25%)га коронавирустарына жакын жолой албайт.

27-факты. Covid-19дан өлгөндөр саламаттыкты сактоо тармагынан, алгачкы медициналык жардамдын тез берилишинен көз каранды. Өлүм Германияда болгону 0,3% болсо, Италияда дээрлик 9%ды түзүүдө.

28-факты. Жаш курагына карай турган болсок,  70 жаштан жогоркулар 5%, 80ден өткөндөрдүн ар бир онунчусу бул илдеттин курмандыгы болууда.

29-факты.  Бүгүнкү күндө коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүн созуу менен көп адамдарды Covid-19дан сактап калуу аракетин баардык өлкөлөдүн бийлик органдары көрүп жатат.

30-факты. Пандемия тездик менен күчөп баратат. Биринчи ооруган адамга диагноз коюлган күндөн тартып 100 миңинчиге чейин 67 күн өттү. Экинчи 100 миң адамга 11 күн ичинде, үчүнчү 100 миң адамга төрт күн аралыгында диагноз коюлганы аныкталды.

31-факты. Ар бир сутка сайын оору жуктургандардын саны 3 эселеп көбөйүүдө.

32-факты. Пандемия жер шарынын эң алыскы булуң-бурчуна чейин жетип барды. Атактуу Пасха аралында 24-мартта вирус жуктурган биринчи оорулуу 42 жаштагы эркек экени аныкталды.

33-факты. Эксперттер эскертет: алдын ала аң сезимибизди даярдашыбыз керек. Илдет ондогон миллион адамдарга жугушу мүмкүн, вирустун курмандыктары жүз миңге жетиши ыктымал.

 

34-факты. SARS-CoV-2 каяктан пайда болгону белгисиз. Буга окшош вирус жарганаттарда жана панголиндерде бар экенин аныкталган.

35-факты. Вирус мутация болуу жолу менен башка бир жаныбарга жугуп, андан адамга жуккан болушу мүмкүн.

36-факты. Биринчи адамга жуккан мезгилде эле вирус адамзаты үчүн коркунучтуу болгонбу? Же вирус адамдын ичине кирген соң мутация жолу менен клеткага кирүүгө ылайыкташып калганбы? Бул суроолорго окумуштуулар азырынча жооп таба элек. 

37-факты. Эгер адамдын вирус менен контакт болуусу кооптуу болсо, демек, жаныбарлар дүйнөсүндө вирус дагы деле жашайт, жана эртеби-кечпи ал адамдарга кайра жугушу ыктымал.

38-факты. Ошол себептен Уханда биринчи кезекте жапайы канаттуулар жана жаныбарлар сатылган базарды жабышты.

39-факты. Кытайда жаңы жугуштуу илдет башталса биринчи кезекте базарлар жабылып, карантин жарыяланат. Албетте, бул ыкма жакшы натыйжа берет, бирок, бул жолу кечигип калышты, белгилери байкалбаган илдет элге жайылып кетти.

40-факты. Вирус биологиялык лабораторияда жасалган эмес, балким, буга кимдир бирөөлөр такыр ынанбайт чыгаар.

41-факты. Коронавирустун жасалма жол менен таралышы мүмкүн деген версияны бир нече өлкөлөрдүн окумуштуулар тобу тыкыр изилдеп чыгышты. Бирок баары андай эместигин ырасташты.

42-факты. "SARS-CoV-2  лабораторияда жасалган эмес, биздин текшерүүлөр мунун далилдеди. Бир бир нече ирээт анализ жүргүздүк. Бул атайын бир максатты көздөп жасалган вирус эмес", - Nature журналынан окумуштуулардын сөзүнөн алынган цитата.

43-факты. Жомокторду жокко чыгара турган болсок, анын дагы бири – хирургиялык беткаптар коронавирустан коргой албайт. Вирус ушунчалык майда болгондуктан масканын тешикчелеринен оңой эле өтүп кетет.

 

44-факты. Вирустун көлөмүн элестетип көргүңүз келсе, курч ийненин учуна анын 100 млн көчүрмөсүн батырса болот.

45-факты. Оорулуу адам жөтөлгөндө анын шилекей чачырандысынан миллиардаган вирус бөлүкчөлөрү учуп чыгат.

46-факты. Беткап кийүү башкаларга жугузуп албайын деген мааниде колдонулат, бирок беткап 100% коргой албайт, ал бир аз гана тобокелчиликти азайтат. Ошондой болсо да оору жайылганда медициналык беткаптар таңсык болуп, баасы да кымбаттап кетти.

47-факты. Үй жаныбарлары коронавирусту жуктурбайт. Адамга иттен же мышыктан вирус жукканы тууралуу азырынча каттала элек.

48-факты. Вирус оорулуу адам болгон бош бөлмөдөн, имараттан жугушу толук ыктымал.

49-факты. Абада коронавирус жашоосун 3 саат аралыгына чейин уланта берет (аба аркылуу дени сак адамдарга жугушу мүмкүн).

50-факты. Желим жана темир капкактарда, идиштерде SARS-CoV-2 3 күнгө чейин жашайт жана өтө кооптуу. Кагазда, картондо бир сутка, жезде 4 саатка чейин жашай алат.

51-факты. Ошондуктан эң негизги жана ишеничтүү иш чара катары - бул колду жакшылап самындап жууп туруу.

52-факты. Колду кантип туура жууш керек, бул видеодон көрүңүз. (жок бул сиз ойлогондон башкачараак)

53-факты. Эгер жакын жерде суу, самын жок болсо кол үчүн гель-антисептиктерди колдонуңуз. Бирок колду суу менен самындап жуугандан өтөөрү жок.

54-факты. Антисептикти үй шартында жасап алсак болот, буга иче турган таза спирт керектелет.

55-факты. Дезинфекция үчүн мирамистин же хлоргексидин жакшы, бул каражаттар бактерияларды гана эмес вирустарды дагы жок кылат.

 

56-факты. Антибиотиктер сасык тумоо, герпес сыяктуу эле коронавируска пайдасыз.

57-факты. Карантин жана башка чектөө киргизген иш чаралар дүйнө жүзү боюнча Covid-19га каршы эмдөө, дарылоо ыкмасы табылмайынча колдонулат.  

58-факты. Коронавируска каршы вакцина бир-бир жарым жылдан кийин гана же 2021-жылдын ортосунда же аягында табылышы мүмкүн. Ал мезгилге чейин бул оору менен көп адамдар ооруп айыгышы күтүлөт.

59-факты. Вакцина такыр иштелип чыкпашы да мүмкүн. Мисалы ВИЧ инфекциясына каршы вакцинанын үстүндө 35 жылдан бери иштеп келатышат, бирок азыркыга чейин вакцинаны таба элек. Болгону алдын алуу үчүн “ВИЧке каршы таблеткалар” чыгарылган.

60-факты. SARS-CoV-2ни атайын дарылоо терапиясы да жок, оорулууларды оору белгисине жараша дарылашат. Илдет жуктургандардын оорусу менен эмес, анын көрсөткүчтөрү менен күрөшүп жатышат.

61-факты. Covid-19 аныкталган 100 миңдан ашык адам, кудайга шүгүр, толук сакайып кетишти.

62-факты. Көпчүлүк ооругандарга (80%дан жогору) медиктердин жардамынын кажети жок. Алар үйдөн эле кадимки сасык тумоону дарылагандай эле дарыланышып, бир аптанын ичинде айыгышат.

63-факты. Илдет жуккандардын бешинчиси же алтынчысы улгайган, өнөкөт оорусу бар адамдар гана ооруканага жаткырылып, медиктердин көзөмөлүндө болот.

64-факты. Оор учурларда (4% жакын) пациенттерге жасалма дем алдыруучу аппараттарды коюшат. Эгер бейтаптар өтө көбөйүп кетсе дем алдыруучу аппарат жетишпей калышы ыктымал. Айрым автоунаа компаниялары азыркы учурда өпкөнү жасалма желдетүүчү (ИВЛ) аппараттарды чыгарууга киришти.

65-факты. Улгайган адамдардын ооруканаларда көп болушу, медиктердин чарчап чаалыгуусу жана керектүү жабдуулардын жетишсиздиги Италияда өлүмдүн көп болушуна себепкер болууда.

66-факты. Covid-19 илдетинен айыккан 10300 италиялык болсо, өлгөндөрдүн саны 8000ден ашык. Дагы 62 миң адам мурдагыдай эле ооруп жатат (27-мартта алынган маалымат).

67-факты. Бейтаптарды дарылоо менен катар дарысын табуу аракеттери дагы көрүлүүдө. Жаңы дары-дармектерди иштеп чыгууга убакыт жок, мурда иштелип чыккан вируска каршы дарылар SARS-CoV-2 вирусу менен күрөшүүдө канчалык таасирдүү экенин медиктер текшерүүдөн өткөрүшүүдө.

68-факты. Февралда кытай дарыгерлери коронавирусту безгектин алдын алуу жана дарылоо үчүн колдонулган хлорохин дарысы менен дарыласа болоорун байкашкан. Covid-19га жүргүзүлгөн бир нече изилдөө анын натыйжалуулугун тастыктады.

69-факты. ВИЧ илдетине чалдыккандарды дарылоочу лопинавир, ремдесивир (Эбола жана Марбург вирусуна каршы колдонулуучу) да учурда сынактан ийгиликтүү өтүп жатат.

70-факты. Акыркы үмүт жандырган ачылыш бул вируска каршы авиган (фавипиравир) дарысы, ал Японияда сасык тумоого каршы таасирдүү дары катары белгилүү. Аны атайын РНК-вируска каршы иштеп чыгарышкан.

71-факты. Уханда ооруга чалдыккан пициенттер авиган дарысын алгандан кийин орто эсеп менен төрт күн ичинде айыгышкан.

72-факты. Кытайда ооруган баардык пациенттерге бул дарылардан тышкары салттуу кытай медицинасынын дары-дармектери колдонулган.

73-факты. Гуанчжоудогу Сегизинчи элдик ооруканадагы иштелип чыккан салттуу кытай медицинасынын дарылоо формуласы Гаундун провинциясындагы илим жана технология министрлиги тарабынан колдоо таап, аймактык бийликтин кубаттоосуна ээ болгон.

74-факты. Синьхуа агентствосу Covid-19 илдетине чалдыккандарга Цинфейпайду (QingfeiPaidu) микстурасы башка дарылар менен кошо берилсе пайдалуу экендигин айтып жарыялаган.

75-факты. Бул салттуу каражат дары чөптөрдөн жана башка өсүмдүктөрдөн жасалган, анын курамында кытай хвойниги, солодка тамыры бар. Бул дарынын рецеби жүзгө жетпесе да ондоп саналат.

76-факты. Кээде Covid-19 менен катуу ооруп жаткандарды аман алып калыш үчүн оорудан сакайгандардын канын куюшат. Анткени айыккандардын канында оорууга каршы турган иммундук антителдер бар. Бул практика SARS, MERS  жана Эболо вирустары жайылып кеткенде Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган.  

77-факты. Чүчкүрүү коронавирустун симптомдук белгиси болуп саналбайт. Жөтөлүү оорунун белгиси, чүчкүрүү белгиси эмес.

78-факты. SARS-CoV-2 мутанттанууну улантууда. Өткөн жылдын декабрынан тартып мартка дейре вирустун айрым варианттары генин 14 жолу өзгөртүүгө үлгүрдү.

79-факты. Вирустун генетикалык модификацияланып татаалдануусун анча чоң эмес айырмачылык менен 1200 жолу эсептелип чыкты.

80-факты. Вирустун "Россиялык вариантын" петербургдук сасык тумоо Институту аныктагандай, генетикалык жактан европалык түрүнө жакын. Бул Россияга жугуу жолу түз Кытайдан эмес, Европадан келген деген версияны тастыктайт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.