Бейопалык тууралуу 8 жайылган миф жана алар тууралуу чындык

Мамиледе бейопалык менен ар ким чалдыгышы мүмкүн: эң бай адамдардан жөнөкөй адамдарга чейин. Адамдар мындай саткынчылык тууралуу билгенде, бул жоруктун себебин издеп башташат. Бирок, сиз ала жипти аттасаңыз, бул деген аны эмнеге кылганыңызды түшүнүп турганыңыздан кабар бербейт. Чындыгында бейопалык тууралуу көп миф бар:

 

 

Миф 1: Көпчүлүк ала жипти аттагандар анын атайын жолун издешет.

Чындык: Чынында, көпчүлүк убакта бейопалык кокустан болот. Адатта бул достуктан башталат, кийинчерээк эмоционалдык жакындыкка айланат, анан физикалык жакындыкка.

Миф 2: Көбүнчө адамдар өз өнөгүн башка жашыраагынын айынан таштап кетет.

Чындык: Арнольд Шварцнеггердин үй кызматкери менен болгон бейопалыгын эстегиле. Бай адамдар жаш кыздарды издээри белгилүү болсо да, көбүнчө чекеде болгон романдар жаш эмес, бейопанын өзү курактуу эле адамдар менен болоору белгилүү.

Миф 3: Бейопалык дайым никенин бүтүшү.

Чындык: Бейопалыкты башынан өткөргөн көпчүлүк никелер ажырашышпайт. Балким кийинчерээк баары бир ажырашышат. Көп түгөйлөр бейопалыкты ажырашуусуз баштан өткөргөнүн айтып таң калышат.

Миф 4: Бейопалык — бул диагноз.

Чындык: Мунун чын жагы бар, кээ бир адамдар кандай гана мамиле болбосун, бейопалыкка барышат, бирок, көпчүлүгү мында нерсеге бир жолу гана барышат. Бейопалыктан кийин нике же күчтөнүшү мүмкүн, же ажырашышы мүмкүн.

Миф 5: Бейопалык мамиледеги көйгөйлөрдүн айынан келип чыгат.

Чындык: Ар бир мамиледе өзүнүн көйгөйү бар. Бейопалык актануу эмес. Айтмакчы, бардык эле ала жипти аттагандар никеде өзүн бактысызмын деп атабайт. Кээде бул болгону, жөн эле секс.

Миф 6: Бейопалык — бул секс эле.

Чындык: Көп убакта бейопалык, адам башка адам менен эмоционалдык жакындык издегенден башталат. Кээде андан ары кетпейт.

Миф 7: Эгер секс болбосо, бейопалык да болбойт.

Чындык: Бейопалык секс жок эле болот. Жубайыңыздын түн ортосуна чейин тааныш кызы менен фейсбука сүйлөшүп отурганы бейопалык эмеспи? Качан өзүңүздүн эмоционалдык бир бөлүгүңүздү башка бирөөгө берип жатканда, сиз ала жипти аттап аткан менен тете, бул да бейопалыктын бир формасы.

Миф 8: Жубайлар бейопалыктан кийин бактылуу болушпайт.

Чындык: Болгону адамдар бул тууралуу досторуна же кошуналарына айтпайт – мына ошондуктан бейопалыктын аягы жакшы бүткөнү тууралуу укпайбыз. Көп жубайлар никесин жакшыртканга жетишишет, кээ бирлери, бейопалыктан кийин мамилеси күчтүү болуп калганын айтышат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.