Беттеги тактарды кантип кетиребиз

Беттеги тактар күн нурунан, бетти жакшылап карап күтпөгөндүктөн пайда болушу мүмкүн. Бирок мунун башкы себеби ички органдардагы оорууларга байланыштуу. Беттеги сепкил тактарды кантип кетиребиз? Колдогу болгон каражаттарды колдонуп үйдөн эле аракет кылабызбы же адиске кайрылабызбы?

 

 

Бет териси жука жана назик болгондуктан тактар, сепкил бетке көп чыгат. Бетти сепкилден сактоонун эң жакшы ыкмасы организмде меланин заты жетишээрлик болушу керек. Меланин – теринин сырткы жагымсыз факторлордон ишенимдүү коргой алат. Ошондуктан меланин көп бөлүнүп чыга баштаганда тери карарып кетет. 

 

 

  1. Жаңы бадыраңдан жасалган маска курсу. Боткодой болуп эзилген бадыраңды таза бетке 30 мүнөт жаап коебуз. Суу менен жуубай, таза нымдалган пахта менен дыкат тазалап алабыз. Мындай масканы аптасына 2-3 жолу жасоо керек. Дарылоо курсу 10-15 жолу. Бадыраң менен дарылоо курсу 1 жылда бир нече ирээт жасалышы керек.

 

 
  1. Ашкөк (петрушка) лосьону. Жаңы үзүлгөн ашкөктү майдалап (2 аш кашык) 100 мл сууга бир саатка дейре демдеп коёбуз. Бир сааттан кийин демделген ашкөк муздап калат, даяр лосьонго жаңы сүттөн 100 мл кошуп эртең менен жана уктаар алдында бетти сүртүп турабыз. Лосьонду сакташ үчүн муздаткычка тоңдуруп алсак дагы болот. Жыйынтыгында бул лосьон бетти агартып, чоюлчаактыгын күчөтүп, бырыштарды кетирет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.