Бельгиянын супер-уйлары! Дары менен химикатка сугарылган уйлар дейсизби?..

Заманбап дүкөндүн текчелеринен эмне гана таппайсың. Колуңан келсе, каалаганыңды сатып алсаң болчудай эле сезилет. Бирок, дүкөндөн сатып алган тамак-аштардан кандай пайда же зыян алаарыбызды ойлонобуз, барыгы эле экологиялык жактан таза болбой калган заманда.

 

 

 

Мисалга, этти алалы. Бул макаланы, атайын, уйлардын бельгия көк тукумуна (порода) арнайлы деп чечтик, аларды көрсөң жүрөгүң түшчүдөй. Бул уйлар жайлоодо жайылып чөп жебей эле, спортзалдан чыкпай, жалаң гана стероид (булчуң массасын чоңойтуучу дары-дармектер) менен азыктанат деп ойлойсуң.

Чындыгында, бельгия көк тукуму – бул дүйнөдөгү эң перспективалуу уйлар тукуму. Ал, ондогон жылдар бою изилденип, тыкыр селекциянын жыйынтыгында чыгарылган тукум. Көрсө, кандайдыр бир чекке жеткенде, организмде булчуңдун өсүшүн токтоткон, Миостатин белогу иштелип чыгат экен. Бирок, бул тукумдун ДНКсында, ал белоктун бөлүнүп чыгышын токтоткон атайын ген бар. Ошондуктан, алардын булчуңдарынын өсүшү токтобогондуктан, чыныгы бодибилдерлердей көрүнөт. Ошентсе да, алар кадимки эле уйлар сыяктуу жоош болушат.

Эми элестетип көргүлө – чоң буканын салмагы 1,3 тоннага чейин жетет. Бул уйлардын эти майы аз кара кесектиги менен гана бааланбастан, сүтү өзгөчө майлуу келип, жогору бааланат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.