Байкабай туруп өз тагдырыңды талкалоонун 10 жолу

Адам өз тагдырынын куруучусу жана ошол эле убакта өз бактысыздыгын негиздөөчүсү деп жазат Touch Catalog. Төмөнкү тизмени текшерип көрүнүз жок эле дегенде бирөөсү дал келсе тезинен чара көрүшүңүз керек. Убакыт токтоп турбайт.

 

 

 

1. Таарынчааксыз.

Жолдо кетип жатканда бирөө алдыныздан кесип өтүп койду. Досуңуз сиздин жазганыңызга жооп бербей жатат. Коллегаңыз сизди жүрү дебей түштөнүүгө өзү кетип калды. Ар ким таарынгысы келсе, жолун таба берет эмеспи. Эмнеге сизди таарынтышты? Булардын баарын сиз жаман ниетте жасалды деп кабыл алдыныз, кемсинтти, жаакка чапкандай эле болду дединиз. Ал эми бактылуу адамдар мындай майда-барат нерселерге эч качан көңүл бурушпайт.

2. Сиз өз киноңуздун башкы каарманысыз.

Тан калуунун кереги жок, дүйнө жүзү сизди курчап алгандай, баардыгы сиз каалагандай деп ишенесиз. Анткени сиз киноңуздун жылдызы эмессизби. Сценарийин өзүңүз жазгансыз да, аягы кандай бүтөт, аны бир гана өзүңүз чечесиз.

Тилекке каршы элдер сиздин сценарийди, кинодо ким кандай роль ойнойт билбейт да, ошону менен баары сиз үчүн талкаланды. Тезинен сценарийинизди жок кылыныз, башкаларды да каарман болушуна тоскоол болбоңуз. Жаңы каармандарды кучак жайып тосуп алыңыз, сюжеттин бурулуштарын кубануу менен кабыл алыңыз.

3. Сиз ар дайым жамандыкка жоруй бересиз.

Баардыгын жаман болуп бүтөт деп күтөсүз, кокустан жакшы болуп калса таң каласыз. Тамагыңыз ооруса - рак. Документиңиз жоголсо " Аль-Каида" таап алып сиздин эсеп кысабынызды текшерип жатат. Жамандыкка жоруган – бул кайгы алып келет. Бул кубанычты жууп кеткен агым. Эгер сүзүп чыкпасаныз чогуп кетесиз.

4. Сиз мүмкүн болбогон нерсени күтөсүз.

Сиздин үй бүлөңүздүн, досторунуздун бирден бир кемчиликтеринен болуп, сиздин оюңузду окуй албаганы, сиз каалаган нерсени жасабаганы. Жигитиңиз жолугуп  жүргөнүнүздөргө алты жарым ай болгонун унутуп калды, курбуңуз сиз бош кезде чалган жок, сиздин досуңуз жаны татуировкаңызды байкабай калды. Ыраазы болбогондук – бул жашоодогу бактысыздыктын себеби. Көптү үмүт кылбаңыз, кубанычты көбөйтүңүз.

5. Сиз "белги" менен иш кыласыз.

Менин бир курбум бар, жогорудан белги болмоюнча иш кылбаган. Кудай үнүн чыгырып белги берээрин күтүп жүрөт деп ойлойм. Ал ар дайым белгиси жок болсо шал болуп калчудай, же дайыма ал күткөндөй болсочу. Мандайга жазылганга ишенем, бирок ошол эле убакта ар ким, агым менен кете бербей, өз жашоосу үчүн өзү кам көрсө.

 

6. Сиз тобокелчиликке барбайсыз.

Эки сөз: тайманбай жашаңыз. Ар дайым, эң чоң жана эң кичине тобокелчиликке бара турган болсоңуз, биринчисин танданыз, утулуп калсаңыз да жашап өткөн өмүрүңүздө кылып көрдүм деп өзүңүзгө өзүңүз ыраазы болосуз.

7. Сиз өзүңүздү ар дайым башкалар менен салыштыра бересиз.

Көп жыл мурун мен бир кечеге барып калдым. Жаз музыкасына, виного ырахат алып бактылуу элем. Бир убакта көпчүлүк элдер каяккадыр кетип жатышканын байкадым. Алардын артынан барып, шарап ичилген шаан-шөкөттүн үстүнөн чыктым, жаны эле бактылуу кылган жаз музыкасы мага тажатмадай сезилди. Адамдар көпчүлүк учурда ушундай кылышат. Кошунанын кечеси шаңдуураак, бирөөнүн машинасы жакшыраак, акчасы көбүрөөк, далысы түзүрөөк, ийгиликтүүрөөк.

Токтоткула!

АКШ президенти Тедди Рузвельттин "Салыштыруу - кубануунун уурусу" деп айтканын дайым эсинерге түйүп жүргүлө.

8. Өзүңүздөн уурдоого жол берүүдөсүз.

Эгерде сиздин матрасыныздын астында миллион долларыныз болсо – сиз аны кайра кайра текшерип кайтара бересиз. Убакыт акчадан баалуу, бирок сиз аны сактабайсыз. Ал аз келгенсип коромжу кыласыз! Аны сиздин тегерегиниздеги өзүмчүлдөр колдонуп жатат. Убактынызды сактаныз, ошого татыктууларга гана бериңиз.

9. Кое бере албай жатасыз

Оңой эмес, чынбы? Бактыга жетүү көп аракетти талап кылат. Кээ бир тоскоолдуктарды, артыкчылыктарды алмаштырып жана жакшы ой менен жок кылууга болбой калды. Сиз кимдир бирөөнү кечире албай келесизби? Болбой калган мамилени унута албай келесизби? Жакын адамыңыздын өлүмүн көтөрө албай жатасызбы? Жашоо жоготууларга толо. Бирок көбүнесе бакыт аларсыз мүмкүн эмес. Жоготуулар бизге маанилуу нерселерди баалаганга, өскөнгө жардам берет. Алар бизге, башкаларга жардам бергенге тажрыйба берет. Бекинип жана ооруну сезбөө – бул чынында кайгы сезбегендер үчүн иллюзия болуп саналат. Мындай түшүнүк жок. Өзүңүздүн  "жоготууңузду" башкарып көрүңүз. Кененирээк караңыз. Кайгырып капалануу эч жакка кетпейт. Муну айтпасаныз, тигиндей кылбасаныз башкача болот беле? Бирок сиз жалгыз эмессиз. Сизди уга турган,түшүнгөн бирөө жарымды табыңыз. Таяна турган бирөөнү издеңиз. Эгерде ал да жардам бербесе 10-пунктту окуңуз.

10. Сиз бербейсиз

Жоготуу менен күрөөшүүнүн бирден бир жолу - жакшы нерсе менен алек болуу.

Волонтёр болуңуз. Жигердүү абалды ээлеңиз. Бул сөзсүз эле глобалдуу нерсе эмес. Жанга жагымдуу жакшы сөз сүйлөңүз. Бирөө жарымды колдоңуз. Жалгыз жарым бирөөгө көңүл буруңуз. Өзүңүздү жоготууну токтотуңуз. Жашоодо Жер үстүндөгү адамдар экиге бөлүнгөн кез келет. Бергендер жана алгандар. Бергендер бактылуу, алгандар бактысыз.

Сиз кайсыл түрүнө киресиз?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.