Бай жигит 334 купюрадан турган 50 000 долларлык букетти тартуулап, сүйгөнүн шок кылды

Кытайлык жигит баасы 50 000 долларды чапчыган букетти тартуулап, сүйгөн кызын шок кылды. Бирок, кылган кылыгы үчүн ал сот жоопкерчилигине тартылды.

 

 

Кыздын айтымында, ал туулган күнүндө бай жигитинен кымбат баалуу белекти күтпөгөн жерден алып калган.

 

Соцтармактарда жүктөлгөн сүрөтөрүнө караганда окуя Шанхайдын кымбат отелдеринин биринин 61-кабатындагы VIP залында болгон. Жаш кыз колунда 100 юандык 100 купюрадан турган букетти кармап турат. Ошондой эле, жанында миңдеген 100 юандык купюралардан жасалган жүрөк да бар.
 

Жигиттин айтуусунда, ал 7 адамды жалдап, сүйүүсүн далилдеген белекти бүтүрүү үчүн, 10 саат бою колдору менен жасашкан. Белектин жалпы баасы 50 000 долларды түзгөн.

 

Дагы бир сүрөтүндө, купюралардын жанында кайчыны көрсө болот. Соцтармактарда талаш жараткан негизги аргумент ушул болуп жатат, себеби, букет кооз көрүнүүсү үчүн акчаны кескилешкен.
 

Бирок жаштардын кубанычы көпкө созулган жок, көп өтпөй эле Кытай элдик банкынын кызматкерлери жаштардын бул ишине күнөө коюп, акчаны кескилөө мыйзамга каршы деп айтып чыгышты.

Мыйзамга каршы келгенине карабай, акыркы убакта кытайдын байларынын арасында «акча букет» тенденциясы модага айланып бараткандай.