Бай адамдарды кедейлерден эмне айырмалайт?

Ар бир адам жашоосунда жок дегенде бир жолу бул суроону берип көрсө керек. Жообу жөнөкөй: ой жүгүртүүсү менен! Жакшы акча иштеп табыш үчүн миллиардерлердей ойлонуш керек.

Стив Сиболд өзүнүн "Байлар кантип ойлонушат" китебинде байлардын көз карашынын 15 өзгөчөлүгүн сүрөттөгөн:

 

1. Байлар эгоизмди кадыр барк деп эсептешет

Жөнөкөй адамдар бүт дүйнөнү сактап калгысы келет, алдыга баарын өткөрөт. Дал ушул үчүн байыбайт. Ал эми байлар: "Өзүмө биринчи жардам бербесем, эч кимге жардам бере албай калам", - деп ойлошот. Чындыгында бул туура.

2. Байларда "иштиктүү" көз караш бар

Жөнөкөй адам байыганга бирөө - өкмөт, досу, жары, лотерея жардам берет деп күтөт. Анан кедей эле боюнча калат. Байлар белгилүү маселелерди чечкенге убактысын коротуп айкын иш аракеттерди кылат. Ошондуктан бай болууну чечсең кыймылдаш керек!                       

3. Байлар теориялык билимге караганда практиканы тандашат

Орто адамдар байлыка диплом жана диссертация аркылуу жетем деп ойлойт. Байлар жумуш учурунда алган өзүнчө билимин сатып акча табат.

4. Байлар келечекти кыялданышат

Байлар максаттарын жана аны ишке ашырууну ойлонуп көп убакыт кетиришет. Ачык максат ачык жашоо жолуна алып барат. Жөнөкөй адамдар өткөнүн ойлоп убактысын кетиришет. Депрессияга да кабылышат.

5. Байлар акчаны логикалык жактан ойлойт

Ортостатистикалык билимдүү адам ыңгайлуу тынч жашоону кыялданып же акчаны эмоционалдык жактан ойлоп, капканга түшүп калышы мүмкүн. Байлар акчаны логикалык жактан ойлойт - белгилүү бир мүмкүнчүлүк берген, келечеке жол ачкан курал катары.

6. Байлар кызыгууларын орундатат

Опра Уинфринин айтканы бар: "Каалоону ээрчип, жаккан нерсени кылыш керек",-деп. Бай адамдар каалаган нерсесин кылып, ошондон акча табуу ыкмасын билишет. Жөнөкөй адамдар жакпаган нерсесин кылып акча табат.

7. Байлар жетишкендиги менен токтоп калышпайт

Жөнөкөй адамдар көңүл калуулар болбошу үчүн өтө бийик нерсеге умтулушпайт. Байлар жашоодон көп нерсени күтөт, жана жеткенге баардык аракетин жумшайт.

8. Байлар бир нерсеге жеткенге аракет кылышат

Жөнөкөй адамдар бир нерсе кыла калып бат бай болуп кеткиси келет. Байлар өздөрүн өстүрүп каталарынан үйрөнөт.

9. Байлар башка бирөөнүн акчасынан пайда көргүсү келет

Жөнөкөй адамдар өз акчаларын жумшап, көбөйтөм деп ойлойт. Байлар башка бирөөнүн акчасын колдонгонду билет.

10. Байлар мүмкүнчүлүгүнө караганда жөнөкөй жашашат

Акылга сыйбагандай көрүнөт, бирок, чындыгында байлар байлыкты, колунан келгенден да аз коротуу мүмкүнчүлүгү катары көрөт. Жөнөкөй адам мүмкүнчүлүгүнөн ашып, карызга батат.

11. Бай адамдар балдарын байыганды үйрөтөт

Жөнөкөй адамдар балдарын жанын бакканды үйрөтсө, байлар балдарына кичине кезинен кирешесин көбөйткөндү үйрөтөт.

12. Байлар акча үчүн кайгырганга жол бербейт

Жөнөкөй адамдар акчанын жетишсиздигинен ар дайым стрессте жүрүшөт. Байлар акчадан тынчтык табат, акча менен көп көйгөйүн чечип алганга болоорун моюнга алгандан коркпойт. Бул андан да көп тапканга жол берет.                       

13. Байлар акчаны көңүл ачууга караганда билимге жумшашат

Англис саясатчысы Вильям Вард: Башкалар уктап жатканда - оку, башкалар эс алып жатканда - иште, башкалар көңүл ачып жатканда - даяр болгула, башкалар наалып жатканда кыялдангыла", - деген.

14. Байлар айланасына тилектеш адамдарды чогултат

Жөнөкөй адамдар байларды сараң деп эсептеп, жек көрүшөт. Байлар ийгиликтүү жана позитивдүү адамдар менен мамиле курушат. Эсиңде болсун: айланаңды түзүп, байлык түзүп жатасың!

15. Байлар баардык күчүн киреше алганга жумшашат

Негизи адамдар акча чогултуп, чоң мүмкүнчүлүктөрдү кое беришет. Байлар алдын ала сезип, бар акчасын иштетип, көп акча тапканга мүмкүнчүлүк табышат.

Сенин ой жүгүртүүң кайсыга кирет экен: байдыкыбы же кедейдикиби? Комментарийде бөлүшө кет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.