Бат-баттан, ар нерсеге эле ыйлай берген адамдар жөнүндө психологдор эмне дейт

Ый – бул эмоционалдык абалга жооп берген, көздөн аккан, же анын тегерегинде тегеренген жашты айтат.

Бул жинденгендик дагы, сүйүнүч дагы, капалануу дагы болушу мүмкүн. Кээ бирлер ыйды алсыз адамдын кылыгы деп баалашат, бирок ал туура эмес. Ыйды катпаган адам эр деп айтса болот.

Көпчүлүк, көз жаш ден соолукка пайда экенин билбейт! Ал эми психологдор ыйлаактар тууралуу эмне айтышат?

1. Ый – жакшы адам жана жакшы достун белгиси

Оорчулук болгон убакта кимдир бирөө сенин ийниңе ыйлашы мүмкүн, сен болсо аныкына. Бир аз жаш чыгарып, ичтеги болгон муңду чыгарып, сени түшүнгөн жана жардам бере алган адамгы ачылып аласың.

2. Ый – бул өзүңдүн сезимдеринден коркпостун белгиси.

Стресс, ыза, жек көрүү, гармоналдык дисбаланс, кандагы шекердин көтөрүлүшү, керек болсо кайгылуу ыр менен фильм – бул фактордун баары сени бошоңдотуп, көзүңөн жаш тегеретиши мүмкүн. Кармана албай калган убакта, тегерегиңдеги адамдардын түшүнүүсүн гана ойготпостон, өз сезимдериң менен алышууга дагы күч берет.

3. Стрессти жеңе аласың

Кандай гана жагдайда ыйлабагын, бул тазалагандай эффект берип, сени оор, терең ойлордон арылтат. Эгер өзүңө сактап, катып, чыгарбай жүрө берсең, олуттуу психикалык көйгөлөрдү жаратышы мүмкүн.

4. Ый – адамдын күчтүүлүгүнүн белгиси

Кээде биз өзүбүздү бош, баарынан үмүт үзүлгөндөй сезип, такыр эле өзүбүзду кулпулап салабыз. Кайгы менен муңду жасалма жылмаюунун артына жашырабыз, бирок эч ким деле ишенбейт. Олуттуу сезимдерди эч ким жокко чыгара албайт.

Ким ыйлагандан коркпосо – баарынан күчтүу, себеби, алар эмоцияларын башкара алышат. Көз жашты катып жана эч качан ыйлабаган – зыян!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.