Биринчи жолугушууга бардың. Экөөңөр тең толкунданып алганыңарга карабай, жай тамашалашканга аракет кылып жатасыңар. Бири-бириңерге жагымдуу таасир калтырганга жетиштиңер.
Чоң сүйүүгө жете электе биринчи жолугушууда эмнени билгениңди анализ кылып алганың туура. Жооптор аралаш болушу мүмкүн, баарыбыз ката кетиребиз.
Бирок, экиден ашыгы дал келбесе убактыңды текке кетирбей эле койгонуң оң.
Ал узак мамилеге жана бир жолку жолугушууларга кандай карай турганын билип алганың оң. Көптөгөн досторуң социалдык тармактан таанышып мамиле куруп баштагандыгын, бул сага жакпай тургандыгы жөнүндө айтып көр. Анын жообунан көп нерсе белгилүү болот. Эркектер көбүнчө алаканга жайгандай баарын ачык айтып беришет.
Жумасына миллион саат иштесе, мамиле деле кура албайсыңар го. Же көптөн бери жумуш таппай жүрсө, умтулуу жок.
Балким бул маанилүү деле эмес, бирок баарыбир көңүлдөн сыртка калтырып коюга болбойт.
Кесиптеши, досу, үй бүлө мүчөсү, мурдакы сүйүүсү... жөнүндө эмне деп айтканы өтө маанилүү. Эгер ырайы суук, акылсыз, же такыр эле: "сен андай эмессиң, алар акмак",-десе, кач. Сен жөнүндө да ушинтип айтат.
Эгер сен өзүң иштеген кайрымдуулук фонду жөнүндө айтып берип жатсаң, мунун эмне кереги бар деп турса, чогу боло албайсыңар.
Эгер көзүн аңтарса же баарына кызы күнөөлүү болсо анда алыс эле болгула. Мамиле жөнөкөй болбойт.
Биринчи эле жолугушууда достор менен тааныштыра коюш оңой эмес, бирок аныктала албай жатсаң, мүмкүн. Өзүн кандай алып жүрөт байкап көрөсүң.
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.