Баш оорудан таблеткасыз 5 мүнөттүн ичинде кантип кутулса болот

Башың сынып жатканда, колуңда таблетка жок болсо, аргаң жок калат. Бирок, андай эмес. Баш оорудан арылуунун илимий жолу бар – ал акупрессура деп аталат.

Бүгүн Anan.kg бул техника тууралуу, кантип бат жана эффективдүү баш оорудан арылыштын жолун айтып берет.

Акупрессура – бул точкалык массаж, анын эффектүүлүгү көптөгөн илимий изилдөөлөр тарабынан тастыкталган. Негизи ал ийле саюу менен рефлексотерапияга окшош, болгону аны кылыш үчүн медициналык билимдин кереги жок.

Акупрессуралык точкаларды кантип массаж кылыш керек

Биринчиси, ыңгайлуу позаны тандаңыз жана боштонуңуз. Точкаларды массаж кылуу көп убакыт талап кылбайт: орточо 30 секунддан 1 мүнөткө чейин.

Точкаларды акырын басып жана тегеренме кыймыл менен укалаңыз. Көбүнчө, баш ооруу массаж убагында, же 5-10 мүнөттөн кийин кетет.

Баш оорудан арылтчу 6 негизги точка бар

Үчүнчү көздүн точкасы, же инь-тан, эки каштын ортосунда, мурун чекеге өткөн жерде жайгашкан. Бул точка көздүн чарчаганын дагы жазылтууга жооп берет.

Каштардын ички учтарында жайгашкан симметриялык точкалар. Бул точканы массаж кылганда, көздүн курчтугуна жана мурун куюлганда дагы жардам берет. 1 мүнөт аралыгында акырын басып жана тегеретип укалагыла.

 

Бул точкалар бетте, мурундун эки тарабында жайгашкан. Аларды табуу үчүн, бет сөөктөгү чуңкурлаган жерди табыңыз. Мурун бүткөндө, баш ооруну жеңилдетүүгө жана тиш ооруда жардам берет жана чыңалууну жоёт.

 

Бул точкалар баштын арткы бөлүгүндө, кежигеде жайгашкан. Бул точкаларды укалаганда, мурун бүткөнүн, көз менен кулактын оорусун, катуу баш ооруну жана мигренди басат.

 

Той-вей точкасы баштын чач өскөн эки капталында жайгашкан. Точканын ордунда кичинекей чуңкурчаны тапса болот. Бул точканы укалаганда баштын чеке бөлүгүндөгү ооруну басып жана көздүн чарчаганында жардам берет.

Бул симметриялык точкалар алакандын сырткы бетинде, бармак менен сөөмөйдүн ортосунда жайгашкан. Бул точкага массаж кылуу менен бел жана тиш оорусунан кутулуп, моюндун булчуңдарынын чыңалуусун да жазса болот.