Бардыгын ордуна койчу, япон элинин 30 акылман ойлору
Күн чыгыш өлкөсү дайыма жашоого болгон өзгөчө мамилеси менен белгилүү болгон. Азыркы күндө да башкалардан өзгөчөлөнгөн өзүнүн жашоосу менен жашайт. Өз философиясын түзүп, ар кайсыл кырдаалда колдонгонго принциптерди жана эрежелерди ойлоп табат.
Ал өзүнүн универсалдуулугу менен биздин жашоого да туура келет.
Zor.kg сайты биздин жашоодо девиз болуп бере алган япондордун 30 акылдуу ойлорун тандап алды.
1. Жинди менен макоого жол бошот.
2. Аял кааласа – жарды жарып өтөт.
3. Кетип атканды кармаба, келип атканды кубалаба.
4. Бат – бул шашпай, бирок тынымсыз.
5. Жаман адамдын досу болгуча, жакшы адамдын касы бол.
6. Жөнөкөй адам болбосо, залкар адам болбойт.
7. Ким өйдө көтөрүлгүсү келсе, тепкич ойлоп табат.
8. Эрди-катын кол менен көздөй болуш керек: кол ооруганда – көздөн жаш чыгат, көздөн жаш чыкканда – кол жашты сүртөт.
9. Күн чындыкты билбейт. Күн калпты билбейт. Күн баарын бирдей жылытат. Өзүн тапкан адам күнгө окшош.
10. Билбегенди сураган – бир мүнөткө уят, билбеген – өмүр бою уят.
11. Алыс жол дагы жакындан башталат.
12. Ким вино ичсе, анын зыянын билбейт; ким вино ичпесе, анын пайдасын билбейт.
13. Кылыч жашооңдо бир эле жолу пайдасы тийсе да, дайым жаныңа алып жүр.
14. Сулуу гүлдөн жакшы мөмө чыкпайт.
15. Кайгы айрык көйнөк сыяктуу, аны үйдө калтырыш керек.
16. Ашыкча жөнөкөйлүктүн артында сыймык турат.
17. Жатып алып эч ким чалынбайт.
18. Достуктун дагы чегин бил.
19. Бир генерал тапканча, он миң аскер тапкан оңой.
20. Кичине ийилгенден коркпо, оңой түздөлөсүң.
21. Бирөөнөн шек санасаң, жети жолу өлчө.
22. Колуңан келгендин баарын кыл, калганын тагдырга кой.
23. Чектен чыккан чынчылдык келесоолук менен чектеш.
24. Эгер жолго өз каалооң менен чыксаң, анда миң ри (ри – япон узундук бирдиги) бир ридей көрүнөт.
25. Ким каршылашынан жарым саат көбүрөөк чыдаса, жеңишке жетет.
26. Кагаз чөккөн убак болот, таш калкыган убак болот.
27. Өзүңдү билгиң келеби – башкалардан сурап көр.
28. Муздак чай менен муздак күрүчкө чыдаса болот, муздак көз караш менен муздак сөз – чыдагыс болот.
29. Терең дарыя добушсуз агат.
30. Ойлондуңбу – чечим чыгар, чечим чыгарган соң – ойлонбо.