Бангладеште күнүнө 6 саатка Фейсбукту өчүрүшөт! Эмнеге?

Бангладеш деген өлкөнү баарыбыз эле билебиз да? Кайсы жерде, кандай өлкө экенин.

 

 

Ал Индия менен чектешкен Азиядагы мамлекет, көрүнүшү болжол менен төмөндөгүдөй:

Ошондой болсо да, алардын өкмөтү башка өнүккөн өлкөлөргө караганда, акылмандуулук кылыптыр. Жакындан бери бул өлкөдө Фейсбукка кирүүгө тыюу салынды, бирок толук эмес, болгону күнүнө 6 саатка! Түнкүсүн гана: түнкү саат 12:00дөн таңкы 6га чейин.

Эмнеге?

Адатта мындай кадамга, революция болуп кетишинен корккон өлкөлөр кылат эмеспи. Себеби, соцтармактар информация жайылтуунун №1 каражаты да. Бирок, бул учурда себеби такыр башка!

Бангладештин өкмөтүнүн бул кадамга барышынын себеби: жаштардын ден соолугун коргоо!

Бул өлкөнүн мектеп окуучулары менен студенттери, башка өлкөлөрдөгүдөй эле түнкүсүн телефон аркылуу соцтармактарга кирүүнү жактырышат. Эгер аларга түнкүсүн кирүүгө тыюу салынса, алардын уйкусу канып баштайт! Бул, алардын ден соолугуна жана окуудагы жетишүүсүнө оң таасир берет!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.