Балким сиздин небереңиз ушундай ыкмалардын бири менен төрөлөт! Төрөттүн мода болгон 5 ыкмасы

Бүгүнкү күндө, үйдөгү төрөт менен эч кимди деле таң калтырбайсың. Дүйнөдөгү апакелер улам жаңы ыкмаларды колдонуп көрүп жатышат, кээ бирлери такыр эле туура эмес дешет. Биз, болочок апакелер колдонушу мүмкүн деген 5 ыкманы таптык.

 

 

1. Суудагы төрөт

Бул ыкма популярдуу болуп жатат. Көпчүлүк энелер, суу, төрөттүн жеңил болушуна жардам берип, толгоо убагында ооруну азайтуучу касиети бар жана кан айланууну жакшыртат деп айтышат. Бирок, бул ыкма окутулган жана кесипкөй медициналык адистин көзөмөлү астында гана болуш керек.

2. Вертикалдык төрөт

Жатып төрөө практикага 18-кылымда гана киргизилген. Ага чейин аялдар отуруп же туруп алып төрөшкөн. Отуруп алып төрөгөндө аял өзүн бош кармайт, жатын кан тамырларга басым жасабагандыктан, баланын гипоксия болушу минимумга түшөт.

3. Активдүү төрөт

Мындай төрөттө, аял, бала чыгаар маалында гана кушеткага жатат, толгоо убагында палатада ары-бери басып турат, чайкалып жана эңкейип-түздөлүү менен жатындын кан менен камсыз болуусу жакшырат, ошону менен бирге, жалпы төрөт процесси убагында балага кислород тоскоолдуксуз жетип турат.

4. Доула менен төрөт

Доула – бул дарыгер эмес, аялдын физиологиясын жакшы билген жана төрөп жатканда оорусун азайтууга жардам берген, тажрыйбалуу апа.

5. Лотос төрөтү

Заманбап энелер колдонуп жүргөн эң коркунучтуу ыкмалардын бири. Эгер салттуу төрөттө дарыгер киндик сокпой калганча күтүп анан кессе, лотос төрөтү маалында дарыгер киндикке тийбей, плацентаны төрөлгөн баланын жанына коюп коёт. Жаш энелер, бактериялык инфекция кирип кетүү коркунучу алда канча көбөйөөрүн түшүнүшпөсө керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.