Баласы босогодон тосуп алып: - Апа, кечээ атам үйгө бир эжени алып келип...

Уулу энесин босогодон тосуп алып:

- Апа, атам кечээ үйгө бир эжени алып келди. Вино ичишип, анан атам аны төшөккө алып барды, анан...

- Кое тур, калганын атаң келгенде, эмне көргөнүңдү айтып бересиң. Түшүндүңбү?

 

Аял буюмдарын жыйнап, бардыгын чемодандарга салып, күйөөсүнүн келишин күтүп отурду. Күйөөсү босогону аттай электе эле аялы:

- Мага жетишет! Мен мындан ары сага чыдай албайм!

- Эмне болду?

- Азыр балаң айтып берет! Кел уулум, айтып бер!

- Мейли, атам кечээ үйгө бир эжени алып келди. Вино ичишип, анан атам аны төшөккө алып барды, анан...

- Бол эми, айтпайсыңбы!

- Анан, баягыда атам командировкада жүргөндө, Ташмат байке сиз менен кылган нерсени эже менен кыла баштады.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.