Баланы өзүнчө жаткырып көндүргөнгө 8 кеңеш

Ар бир ата энеде убакыттын өтүшү менен кантип баланы өзүнчө болүп жаткырам деген көйгөй жаралат. Албетте, кичине бала энесинин койнунда өзүн корголуу жана тынч сезет. Ошондуктан ата-энесини жанында жаткан жагат. Бала кичирээк кезинде чогу жатканы энеси үчүн деле ыңгайлуу.

Бирок бара-бара бала буга көнүп, чоңдорсуз жатпай калат. Ата-эне толук кандуу эс ала албай калат.

Ошондуктан, эртеби кечпи кантип баланы бөлөк жаткырам деп ойлонуп баштайбыз.

Кантип бөлүп баштайбыз кеңештер жана сунуштар:

Өз алдынчалыктын биринчи этабына туура келген эки үч жашка толуп калганда көндүрө баштаган жакшы.                       

Биринчи ал уктоочу керебетке көндүрүп башташ керек, жалгыз уктагандан коркпошу үчүн күндүз ошол жакта уктатыш керек. Экинчиден режимди сөзсүз сакташ керек. Режимде эч кандай олуттуу өзгөрүү болбошу керек.

- Өзүнчө уктап көндүрүүнүн жакшы ыкмасы - чоң жумшак оюнчукту ортоңорго чогу алып жатуу. Балаңыз жаныңызда, ошол эле учурда кичине алысыраак.

- Балаңыз уктоочу керебетти адегенде өзүңүздүкүнө жакын коюп, терең уйкуга кеткенде акырын ал керебетке жаткырыңыз, түндө ыйлай турган болсо, жөн эле таптап, жаныңызга албаңыз. Оюнчугун жанына жаткырып койсоңуз болот.

- Жаныңыздагы керебетте тынч уктап баштаса, акырындан алыстатып, бара бара башка бөлмөгө чыгарсаңыз болот.                       

- Жаңы уктоочу жерине ыңгайлуу шарттарды түзсөңүз баланы бөлгөн оңойураак болот.  Бул шейшеп, жаздык болушу мүмкүн, өзүнө тандаганга мүмкүнчүлүк бериңиз. Андан сырткары чырак да коюп бериңиз.

- Эгер бала түнкүсүн сизге келсе, тынчтандырып кайра ордуна алып барыш керек. Кайра келсе жинденбей айтканыңардан кайтпашыңызды бала түшүнгөндөй тырышчаактык көргөзүш керек.

- Жатаар алдында кандайдыр бир иш аракеттерди салтка айлантып алгыла, китеп окуп берип, күнүмдүк болгон нерселерге болгон таасирлер жөнүндө сүйлөшүп ж.б.

Балаңыз сизди мурдакыдай эле жакшы көрөөрүңүздү түшүнсүн.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.