Бактысыз сүйүү адамды өлтүрөт! Мына, ал кандай иштейт

Такоцубо кардиомиопатиясы:

- дагы бир аты “жараланган жүрөк синдрому” жүрөк патологиясы. Ал миокарддын алсыздыгынын пайда болушу менен түшүндүрүлөт, деп жазат El Universal.

Мындай абал, эгер оорулуу күтүүсүз оор стресске кабылса, мисалы, жакын адамынын күтүүсүз өлүмү же сүйгөн адамы менен оор ажырашууга кабылса пайда болот.

Бул синдром менен түшкөн пациенттердин жүрөгүнүн формасы өзгөрүп, башкача формада болуп калат.

Ал япондордун осьминог кармоочу, тако цубо деп аталган кылтагын элестетип калат.

Кардиомиопатиянын симптомдору инфарктын симптомдоруна абдан окшош – пациент көкүрөктөгү катуу ооруга даттанышат, анын күтүүсүз жүрөк жетишсиздиги пайда болот, дем алуунун оорлошу байкалат.

Бул синдром тууралуу биринчи эске салуулар Heart журналынын 1997-жылдагы санынан тапса болот. Макалада, стресс кардиомиопатиясына чалдыккан 2 пациент тууралуу сөз болуп, мындай абал, адистердин айтымында, күчтүү эмоционалдык стресстин айынан пайда болгону айтылат.

Жараланган жүрөк синдромуна, эркекке караганда аялдар көбүнчө чалдыгышат.

90%дан ашык учурда, бул оору аялдардын климактерика убагында пайда болот.

Кардиомиопатиянын пайда болушу чынында эле физикалык же психоэмционалдык стресс менен байланыштуу – мисалы, жубайы менен ажырашуу же анын өлүмү.

Бул абалды айыктырса болот. Туура жана өз убагында дарылоо менен жүрөктүн иштеши 1-4 жумада калыбына келет.

Бирок, тилекке каршы 5% жараланган жүрөк синдромуна кабылган пациенттер көз жумушат.

Скотт Шарки, американын Жүрөк Институтунун кардиологу белгилегендей: такоцубо кардиомиопатиясы көбүнчө рак илдети жана Альцгеймер оорусунан жабыркаган адамдарда кезигет, башкача айтканда, бул адамдардын иммунитети абдан алсыз.

Сиздин жүрөгүңүздүн жараланбашын тилейбиз – түз да, кыйыр да мааниде! Башкысы – бардык нерсени жүрөккө жакын кабыл албайлы!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.