Бактылуу түгөйлөрдүн күнүмдүк 7 фразасы

Бактылуу мамиленин сыры... эми, эч кандай деле сыр жок да. Бул, ар кандай майда нерселердин топтому. Бирок, психологдор белгилегендей, туруктуу мамиленин негизи – бул баарлашуу.

 

 

Кандай тема экенине карабай, өнөгү менен сүйлөшө алуу, бул бактылуу мамиленин негизи. Өнөгү эмне айтып атканын угуу, түшүнүү, аны талдап жана ашыкча эмоциясыз жооп берүү – бул өнөгү эмне айткысы келип атканын түшүнгөндүгүнүн белгиси.

Баарлашуу – бул философиялык темаларда эле олуттуу сүйлөшүү эмес. Бул күндө байланышып туруунун ыкмасы. Күнүмдү жашоодо кандай сүйлөшөсүңөр, силердин мамиленин саламатына жана бактыңарга чоң таасир берет. Эми, бактылуу түгөйлөр кандай сүйлөшүшөт?

1. “Рахмат”. Майда нерсеге болсо да, бири-бириңерге ыраазычылык билгизсеңер, силердин бири-бириңерди канчалык баалооңордон кабар берет. “Рахмат” деп айтып жытканда, анын маанилүүлүгүн түшүнбөшүңүз деле мүмкүн. Бирок, аны өзүңүздүн дарегиңизге укканда гана айырмасын түшүнөсүз.

2. “Кандайсың?”. Бактылуу түгөйлөр бири-биринин абалын дайым сурап турушат. Алар жан дүйнөсүнүн абалын, көйгөйлөрүн, мамилесин сурап койгонго убакыт бөлүшөт жана ага жардам керектигинен кабар алышат. Ал эле эмес, баары жакшы болуп жаткан кезде да, даанышмандык менен майда нерселерден да кабар алып койгонго убакыт табышат.

3. “Баары кандай өттү?”. Биринчиден, бул суроо менен, өнөгүңүздүн бүгүн кандай жумушу бар болчу экенин билгениңизден кабар  берет – адаттагы жумушу болгон күндө да, дарыгерге барган күндө да. Экинчиден, бул көңүлдүн белгиси, бул камкордук жана аны ойлоо.

4. “Мен сени сүйөм!”. Бактылуу түгөйлөр муну, кандай гана тажаткан сөз болсо да, күндө айтышат. Бирок аны башка сөздөр менен айтышы мүмкүн. Же кылган иши менен. Бул маанилүү эмес, маанилүүсү, силер бири-бириңерди сүйөсүңөр, ар күнү...

5. “Кел, мен...” / “Муну мен кылайын” / “Мен кылам”. Жөн эле, өнөгү үчүн анын бир жумушун кылып коюу. Идиш жууп, кофе даярдап же таштанды ыргытып. Жөн эле, күндө бири-бириңерге жардам берип тургула.

6. “Мен эмне жардам бере алам?”. Эми бул болсо чоңураак нерсеге жардам. Жок дегенде, баары тетирисинен болуп аткан анын күнүн жакшыртыш үчүн. Балким, анын кандайдыр бир максатка жетүүсүнө жардам, же кандайдыр бир көйгөйлөрүн чечкенге жардам.

7. “Эмне кылгың келип атат?”. Бактылуу түгөйлөр, өнөгүнө эмне кызык, эмне кылгысы келет, көз салып турат. Алар компромисс тапканга, эпке келүүгө даяр, бирок, жыйынтыгында, ким эмне кааласа ошого жетет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.