Бактылуу мамиленин 9 эрежеси

Элестетели, эркек менен аялдын ортосун жыйырма кадам аралык бөлүп турат. Демек, ар бири өзүнүн он кадамын жасап анан токтош керек. Эгер сени ал акыркы кадамыңда тосуп албаса, анда он биринчи кадамды жасаба – андай кийин он экинчи, он үчүнчү кадамды жасаганга туура келет. Ар ким өзүнүн он кадамын гана жасаш керек.

 

 

1. Биз өз жашообузга өзүбүзгө окшогон адамды тартабыз

Эгер сени курчаган адамдар сага жакпай жатса, анда өзүңдү тереңирээк карап көр. Эгер тааныштарга жолдуумун деп ойлосоң, ал болгону, сен дагы алардай болгондугуң. Ошондуктан, эгер жашооңо татыктуу адамды тарткың келсе, өзүң дагы ошондой адам болгонго өзгөр.

2. Эмне берсек, ошону алабыз

Өнөгүң сага кандай мамиле кылышын кааласаң, ага да ошондой мамиле кыл.

3. Биз баарыбыз сүйүүгө муктажбыз

Сүйүү – бул чынчылдык, назиктик, кам көрүү, жоопкерчиликке даярдык, боорукердик. Бул сыпаттарды канчалык көп көргөзсөк, аны кайра ошончолук көп алабыз. Коркунуч, ич тардык, кызганчаактык, баш ийүү, көзөмөлдөө, башкаруу, жемелөө жана башка ушундай сыпаттардын сүйүүгө эч кандай тиешеси жок.

4. Бардык айтылган сөздөр мааниге ээ

Сөз менен айыктырса болот, өлтүрсө да болот. Сүйлөп жаткан сөзгө маани бериш керек. Кемсинтүү, жемелөө адамда айыкпас так калтырат. Ар бир адамдын ичинде, кабыл алынбай калуудан корккон жаш бала жашайт. Анын көңүлүң оорутуп алгандан корк. Жылуу сөздөрдү гана колдонуп, комплимент көп айтып, дайым колдоп тур.

5. Ишеним – мамиледеги эң негизги элемент

Ал жок адам шектүү, коркок болуп калса, экинчиси өзүн эмоциялык капканга түшкөндөй, ага бирөө дем алган жолтоо болуп жаткандай сезип калат. Кызганыч – бул жалгыздыктан коркуу, өзүн төмөн баалоо жана өзүн өзү сүйбөө. Ишеним – бул накта сүйүүнүн ажырагыс бөлүгү.

6. Ак ниет бол

Сүйүү кыймылсыз болбойт, ал өсүмдүккө окшош, же өсүп, гүлдөйт, же соолуп, өлөт. Бардыгы биздин кыймыл аракеттен көз каранды. Ак ниет баарлашуу суу сыяктуу, ал жок өсүмдүк кургап калат. Бири-бириңерге өз каалоолоруңарды, сезимдериңерди айткыла. Өнөгүңө сүйөөрүңдү, барктаарыңды айт, ал билиш керек. Эч качан “Мен сени сүйөм!” деп айткандан коркпо. Аны мактагандан коркпо. Ак ниеттен мактоо өсүмдүк үчүн күн сыяктуу, силердин мамилеге дем күч берет.

7. Сүйүү – демек өзүңүдүн бир бөлүгүңдү ага акысыз тартуулаганың

Эгер сүйгүң келсе, анда аны тартуулашың керек. Канчалык көп тартууласаң, ошончолук көп аласың. Сүйүү бумерангга окшош, ал дайым кайтып келет. Балким, дайым эле кимге тартууласаң, кайра ошондон дегендик эмес, бирок, баары бир кайтат. Үч эселеп кайтат. Сүйүүнүн көрөңгөсү чекчиз экенин эстей жүрүш керек. Аны тартуулап жатып, жоготпойбуз.

Аны жоготуунун жалгыз жолу – башкаларга көрсөтпөө. Адамдын сүйүү сезимин сезбегендигинин биринчи себеби – алар кимдир бирөө аны сүйүп калышын күтүшөт. Бул деген, “Мен, качан адамдар бийлеп баштаганда музыканы ойнойм” деген музыкантка окшош. Же, отко отун салбай туруп жылуулук күткөндөй. Накта сүйүү кыңк этпес, ал ордуна эч нерсе сурабайт.

Бактылуу мамиленин жашырын формуласы мындай: ар дайым, эмне ала аларыңа көңүл бураардан мурун, эмне берээриңе көңүл бур.

8. Кол кармашуу – мамилени чыңдаган, сүйүүнүн эң күчтүү көрсөткүчү

Адамдын колун кармоо – анын жан дүйнөсүнө тийүү дегендик. Балким ошондуктан, адам таарынып жатканда “Мага тийбе!” деп айтаттыр. Сүйүктүүңдү көп кучакта, жөн эле кучакта, эч кандай сексуалдык мотив жок кучакта, колунан карма.

Лондондун клиникаларынын биринде окумуштуулар изилдөө жүргүзүшкөн. Башкы хирург, кечинде операция алдында оорулууларга жолугуп, операция тууралуу сурролорго жооп берип келген. Эксперимен убагында хирург ар бир пациенттин колун бир нече убакыт кармап сүйлөшүп отурган. Ал орулуулар башкаларга караганда үч эсе бат сакайышкан.

Биз камкордук менен бирөөнүн колун кармасак, биздин да, анын да физиология өзгөрөт – стресс гормондорунун деңгээли төмөндөйт, нерв системасы бошоңдойт, иммундук система менен эмоционалдык абал жакшырат.

9. Эгер биз бирөөнү сүйсөк, ага эркиндик бериш керек

Өз чечимдерин эркин кабыл алыганга, эркин жашаганга, кандай кааласа, ошондой болгонго. Ар бир адамга өздүк жеке мейкиндик керек. Мамиледе дагы адамдар эркин болушу керек, антпесе өзүн капканга түшүп калгандай сезет. Эгер чындап эле бирөөнү сүйсөн, анда анын каалоолору менен керектөөлөрүн сыйла. Сүйгөн адамды эркиндикке коё бериш дайым эле жеңил эмес, бирок, башка жол жок. Элдик даанышмандык айтат: “Башка адамга канчалык көп эркиндик берсең, ал сага ошончолук жакын”.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.