Бактылуу болуунун 17 сыры

Бактылуу болгуң келеби? Бактылуу болуунун көптөгөн сырлары бар, бактылуу болгуң келсе төмөнкүлөрдүн жок дегенде бирин пайдалан.

 

 

 

Өткөндү унут

Өткөн кеткенди эстеп жүрө берсең, эч убакта бактылуу болбойсуң. Сен ката кетирдиңби? Тажрыйба жок беле? Эмне гана болбосун анын баарын унутуш керек. Эч убакта өткөндү оңдой албайсың, андан көрө келээр чак менен жаша.

Өзүңдүн жашооңо өзүң жоопкерчиликтүүсүң

Бактылуу болуу үчүн сен эркиң жана эркин тандооң болуш керек. Кандай оор, кыйын нерсе болсо да ошол кыйынчылыктан чыгууга өзүңдүн аракетиң керек. Жана да ошол тандоого өзүң гана жоопкерчиликтүүсүң. Өзүңдүн каталарыңа эч кимди күнөөлөбө.

Карым катнаш түз

Карым катнаш түзүү менен сен жашоонун бакытын сезесиң. Анын себеби жөнөкөй эле, ошол карым катнаштын артынан биз бирөөнү сүйөбүз да бирөөгө сүйүктүү боло алабыз. Сүйүү ар убакта өкүм сүрүүсү абзел.

Көп кырдуу бол

Канчалык көп нерсени билип жасасаң, ошончолук өзүңө жана элге кызыктуу болосуң. Эч качан билген нерсе менен чектелбе, жашоодо көптөгөн кызыктуу, пайдалуу маалыматтар менен тааныш. Жаңы ачылуулар, изденүүлөр сени бактылуу кылат.

 
Өзүңдү өзүң түз

Өзүңө кандайдыр бир өбөлгө түз жана ошолордун негизинде иш жүргүз. Ошондо гана сен өзүңө өзүң ишеничтүү болосуң.

Кандай болсоң ошол бойдон бол

Бирөөнүн кызыкчылыгына көздөп бирөөнүн турмушу менен жашаба. Адамдар сенден ар нерсени күтөт, бирок алардын оюндагыдай болбо. Бул кырдаал сага бактылуулук тартуулабайт.

 
Алдыга максат кой

Бактылуу болуунун эң негизгиси, алдыга максат коюу болуп эсептелет. Максат жок болсо чаржайыт болуп калат. Максат бул алдыга умтулуу.

Бар нерселерди баркта

Ыраазы болсоң, ошондо гана бактылуу боло аласың. Өзүбүздө бар нерсени баалап, каниет кылбай жок нерсеге көз арткан эң өкүнүчтүүсү. Биз бар нерселерди милдеттүү түрдө экендигин түшүнбөйбүз.                       

 

 
Айлана чөйрөнү кара

Балким чындыгында эле бактылуусуң. Турмушка ачык маанай менен кара, бактылуулар эч убакта начар нерселерди ойлобойт. Канчалык кыйын абал болсо да көз караштары түз болот. Сен да жакшы нерселерди ойлонгонго аракет кыл. Чыгармачылык менен алектен, ал сени алаксытып, жашоодо тегеректеги жаман нерселерди байкатпайт.                       

Өзүңдө бар нерседен башта

Бактылуу адам бактылуу болуш үчүн эч убакта чоң жумушту, айлык акысы жогору жумушту көздөбөйт. Өзүңдө бар нерсеге тобо кылууну үйрөн. Акылсыз бакытты тоодон, акылдуу бутту астынан издейт. (Джеймс Оппенгейм)

 
Өзгөр

Бакыт жогорулап, окуганда, өнүккөндө келет. Өзгөрүп жаңы-жаңы ачылууларды, тажрыйбаларды кылып, мурунку абалдан жогорула.

Өзүңдүн шыгыңды пайдалан

Биринчиден өзүңдүн шыгыңыды аныкта да экинчиден ошол талант шыкты өнүктүр. Эң эле бактылуулук өзүңдүн талантың аркылуу тыйын табуу болуп эсептелет.

Майда-барат менен өзүңдү кармаба

Майда-барат бул бакыттын душманы. Эсиңде болсун, жада калса майда-барат жаракалар да кемени чөктүрөт.

Амбицияны пайдалан

Амбициянын жогору болгонунун да зыяны бар. Өзүңдү өзүң туура эмес анализдеп отуруп, өзүңдүн баркыңа жетпей да, шылдың да болуп калышың мүмкүн.

Башкаларды бактылуу кыл

Бул болсо бакыттын эң маанилүү жагдайы. Өз бакытыңа жетүү аракетинде башкаларга да жакшылык кыл - бул дагы өзүнчө бакыт болуп саналат. Бакыт эч качан өзүмчүлдүктөн келбейт. Бирөөгө көмөктөшүү, башкаларга жардамдашуу, ошолор жөнүндө ойлонуу - бул жогорку форма.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.