Бактылуу болуш үчүн шакекти кайсы манжага тагыныш керек

Аты жок, сөөмөй же баш бармак, алардын бири коргоочу.

Келгиле, алардын кайсынысы экенин билип алалы.

 

 

Алыскы мезгилдерде адамдар тагынган шакектер көп кызыктуу нерселерди айтып бере алышкан. Шакектер сыйкырдуу нерсе болгон, ошондой эле анын каякка тагыларына жана кандай материалдан жасалгандыгы да чоң маани берген. Азыркы учурда да шакек зер буюмдарынын гана темасы болуп калган жок... Бул зер буюмдарды кайсы манжага тагынууда мааниси чоң экендигин астрологдор айтышат.

Оң кол менен көп кыймылдаган адамдын оң колунан шакекти көрсөңүз, бул анын учурдагы социалдык абалы жогорулугунан кабар берет, сол колунан көрсөңүз анын ушул убактагы каалоосу жөнүндө кыйытып турат.

Бирок сологой адамда анын абалын түшүнүү бир топ кыйыныраак, анткени эки колундагы шакектер бир эле нерсени билдириши мүмкүн.

Башбармактагы шакек, астрологдор айткандай, ачуулуу жана энергиялуу инсандарда болот. Ал ашыкча активдүүлүктү тыйып, "ачууланууну" тынчтандырып турушу мүмкүн. Ошентип, ал адамдын айланасындагы мамиле тынчыраак, атүгүл романтикалуу да болот.

Астрологдордун айтымында, баш бармакка жез шакек тагыш керек.

Сөөмөйдөгү шакек болсо оор салмактуу адамдар үчүн эң жакшы көрк берет. Кантсе да, бул адамдардын өзүнө ишенимин арттырат. Ошондой эле, бул ийгилик жана өзүнө ишеним алып келиши мүмкүн.

Олово же алтындан жасалган шакек тагынган оң.

Астрологдордун айтымында, жашоодо жолу жок адамдар ортонуна шакек тагынышы керек. Үй-бүлөлүк мурас деп эсептелген жана муундан муунга өтүп келе жаткан шакек дагы ортондо болушу керек. Бул жашоонун бардык кыйынчылыктарынан аман өтүүгө жардам берет.

Аты жок манжасына шакек тагынган адамдар бактылуулугун, ар кандай кооз нерселерге, сейрек кездешкен тазаланган нерселерге, гүлдөп-өнүгүүгө болгон эркиндиги жөнүндө айткылары келгендигин билдирет. Бул адамдар атактуулукту жакшы көрүшөт. Аты жок манжада алтын шакек гана болушу керек.

Оор салмактуу инсандарга кичинекей шакектер ылайыктуу, ал эми сезимдерин күч менен көрсөткөндөргө тескерисинче чоң.

Чыпалактагы шакек, астрологдор айткандай, көп унчкупаган, түнт мүнөз, ошондой эле колдоого муктаж адамдар. Ошондой эле алар алдамчылыкка жөндөмдүү, жан шеригин алдай алышы жана авантюрист болушу мүмкүн.