Бактылуу адамдар бул 10 нерсеге башын да оорутпайт

Бактыт, инсан катары өсүү, умтулуу жөнүндө брейкдансер жана жазуучу Олден Тан ой бөлүшөт. Баардык жагынан мыкты болуу бакыт менен тыгыз байланышта болоорун байкаган. Адам бактылуу болгондо баардык чөйрөдөгү жемиштүүлүк өсөт.

Бакыт үчүн баардык ашык нерседен арылып, кээ бир нерселерге убара болбош керек. Кеп көбүнчө ачык айкын чындык жөнүндө.

Бактылуулар тынчсызданбаган 10 нерсе.

1. Жаш курак

Чындыгында бул жөн эле сан, бактылуулар шек кылбайт. Ар дайым өсүп туруучу бул санга ким экенин аныктаганга жана эмне кылыш керек экенин таңуулаганга жол бербейт. Эмне кааласа ошону кылышат. Жашоо кыска. Кичине жаш өтүп калганда түшүнүп баштайсыңар. Дене карый электе эле толук кандуу жашаганга болот го. Досторунун арасында жаш айырмачылыгы абдан көп болгондору бар, ага карабай бактылуу жашашат.

2. Башкалар эмне ойлоп, эмне дешет

Бул бакытка жетүүнүн эң чоң тосмосу. Бактылуу адамдарды башкалар эмне деп жатканы кызыктырбайт. Башка бирөөнүн сөзү чындыкты чагылдырбаарын билет, эч ким ким экенин жана эмне кыла алаарына баа бере албайт. Өзүн өзү баамдоосуна жана иш аракетине кимдмр бирөөнүн жаңылыш оюу таасир берүүсүнө жол бербейт. Эң негизгиси өзү эмне ойлойт.

3. Жумуш/кызмат

Бактылуу адамдар иштебейт деп айткан болбойт. Эң башкысы сен эмне кылсаң (жумуш) сен ошосуң деген туура эмес. Албетте, заманбап коомдо жашаш үчүн иштеш керек. Бирок жумуш менен кызматты офисте ташташ керек. Күнүмдүк жашооңузга аралап кетсе анда ар дайым чарчаңкы, көңүлсүздүк же стресс коркунучун туудурат.

Маанилүүсү, сиздин кызыгуулар жана жашоого болгон көз карашыңыз.

 
4. Коркунуч

Чындыгында эч кандай коркунуч жок. Бактылуу адамдар муну билет. Коркунуч абалы нервозду жана тынчсызданууну жаратат. Бул адамды комфорт абалынан чыгууда, өзү каалаган нерсени кылууда жолтоо болот.

Кичине коркконуңуз үчүн жашоону чектеп койгон болбойт.

5. Дүйнөдөгү негатив

Дүйнөдө ар кандай коркунучтуу нерселер болуп турат: согуш, нааразычылык, көтөрүлүш, жаныбарлардын кырылуусу, күнөөсүз адамдардын өлүмү. Бактылуу адамдар мунун баарын жокко чыгарбайт. Бирок, мунун баары ички абалына таасир берүүсүнө жол бербейт. Бактылуу адамдар дүйнөнү жакшыртууга кичине мүмкүнчүлүк болсо да кое бербей иш алып барат. Бир мүнөттө революция куруп жибербейт, бирок боорукердик жана кайрымдуулук менен дүйнөнү оңдошот. Дүйнөдө болуп жаткан терс көрүнүштөр сизге жетпегенге аракет кылыңыз.

 
6. Уулуу адамдар

Убактыңыздын бештен бир бөлүгүн өзүңүз менен өткөрөсүз - дейт Джима Рона. Тажатма же олукма адам менен убакыт өткөрүп көрдүңүз беле? Мындай адамдарга жолобогула. Айланаңызга позитив чогултуңуз. Бактылуу адамдар өзүнөн эле эмес, айланасындагылардан да ыракат алат. Көбү уга бербеген эң жакшы кеңеш. Өзүңүздү бактысыз сезсеңиз айланаңызды карап көрүңүз. Кээде ылдый тарткан жаныңыздагы адамдардан көз каранды.

7. Өткөн чак жана келээр чак

Өткөн чак жок. Келээр чак дагы. Эгерде бактылуу болгуңар келсе, өткөндү кое берип, андан ары жашоону уланткыла. Өз тажрыйбаңарда үйрөнүп, каталарыңарды кайталабаганга аракет кылгыла. Келээр чак болсо, бактылуулар келээр чактан эч нерсе күтпөйт. Өткөндү кое берип, келечекке тынчсызданбай гана азыркыдан ыракат алганга болот.

 
8. Күтүү

Бактылуу адамдар жакшылыкка жакшылык деп күткөн үчүн эмес боорукер болгон үчүн кылышат. Башкаларга кайрымдуулук үчүн жардам беришет. Айланага жакшылык кылгандан ыракат алышат. Бактылуу адамдар ордуна эч нерсе күтпөйт, ошондуктан көңүл да калбайт.                        

9. Арыздануу

Кимде бактысыз жашоо болсо ошолор арызданат. Баары эле биз күткөндөй жакшы боло бербейт. Мындан качып кутула албайбыз. Бирок арыздангандан пайда жок. Бактылуу аламдар муну билет. Ошондуктан болгонуна канааттанып, позитивдүү ой менен чечим издеп баштайт.

 
10. Жалпы кабыл алган стандарттарды сактоо

Биздин ким экенибизди аныктаганга аракет кылган ар кандай ярлыктар бар. Бизден эмне күтүп жатканын таңуулогонго аракет кылышат. Бирок бактылуу адамдарды бул кабатырлантпайт. Алар жашоодон эмне күтсө ошого көп көңүл бурушат.

Бакыттын негизи ошол эмеспи, каалаган нерсеңизди кылуу.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.