Баасы 1 миллион турган аялды өзүнүн үлпөт тоюнда жеп коюшту!

Араб Эмираттарында миңдеген адамдардын оозун ачырган окуя болуп өттү. Үйлөнүү тойлорунун биринде, баасы миллион доллардан ашкан, жасоого бир нече миң жумуртка жана 50 килограмм шоколад кеткен, келиндин келбетинде жасалган торт конокторго тартууланды.

 

 

Мындай тортту Дебби Вигхемге буйрутмага берип жасатышкан. Ал "жерчү келиндин" ар бир майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп, ар бир деталын жасап чыккан. Дебби өмүрүндө биринчи жолу ушундай буйрутма алгандыгын мойнуна алат. Келиндин толук образын чагылдырыш үчүн толтура күч жана убакыт сарптаган.

Торттун масштабы бирге бир болду, бирок "желчү келиндин" салмагы 100 килограммга ашып кеткен. Өзгөчө торт келиндин өзүн да сүйүндүрдү, анткени ал үчүн күйөөсүнүн биринчи сюрпризи болгон.

 

Торттун жасалгасы таң калтырат, аны кооздоо үчүн баасы 200 миң доллар турган бриллианттар колдонулган.

Кандай дейсиз, жагат беле сизге ушундай торт, же кутургандыкпы?

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.