Баары эле биле бербеген, рак илдетинин 10 белгиси

Адамдын организминде илдетти билдирген белгилер пайда болоор замат доктурга көрүнүп, дарыланганы дурус болоор. Бирок, көр турмуштун көйгөйүнөн бошобой денебизде пайда болгон оорунун белгилерин байкабай да калабыз. Төмөндөгү 10 белги байкалса кайдыгер болбоңуз, дароо кесипкөй дарыгерлерге кайрылыңыз.

 

 

1.Теринин каттууланышы

Эмчектин катуу болушу, рак илдетинин алгачкы стадиясында байкалат. Ошондуктан дайыма аялзаты эмчегин кармап, өзүн өзү текшерип турганы оң. Өзүңдүн денеңди таанып-билип, ар бир өзгөрүүнү аңдап туруу бул абдан жакшы. Эркектер үчүн да, аялдар үчүн да бул абдан маанилүү.

2. Теринин кычышуусу

Организмдин иммундук системасы рак клеткаларынын пайда болушун сезип, ага каршы күрөшө баштайт. Анын натыйжасында залалдуу шишик пайда боло баштаган жерге кан агымы катуу келип, кызарып, өңү өзгөрүп, кычыша баштайт. Мындан тышкары тери сыйпалаганда катууланып калганы байкалат жана ысып турат.

3. Айыкпаган жарааттар

Адамдын денесиндеги чийилип кеткен, тытылган же кесилген жерлери узак убакытка чейин бүтпөй турушу бул рак оорусунан же дагы бир дарттын орагнизмде бар экенинен кабар берет. Андыктан мындай учурда толугу менен текшерилүүдөн өтүү дурус.

4. Тилде, эринде, ооздо ар кандай жаралардын майда кызаруулардын пайда болушу

Тилден жарака кетиши, жаралардын пайда болуусу, ошондой эле ооздо, тамактагы өзгөрүүлөр адамдын тынчын кетирет. Эмнеге мындай болуп жатат деп дароо врачка кайрылуу зарыл.

5. Тамакты жута албай кыйналуу, сиңирүү көйгөйү жана табиттин жоголушу

Тамак сиңирүү органдарындагы өзгөрүүлөр адамды абдан тынчсызданат. Анткени ал организмдин азыктанышына тоскоол болот. Иммундук система бузулат, организмге керектүү витаминдер, микроэлементтер жетишпей, организм өзүнө тиешелүү функцияны аткарышына негативдүү таасир берет.

 
6. Ичегилердин иштешинин бузулушу

Организмдин заң бөлүп чыгаруусу бузулат. Бул абал эки күндөн ашык убакытка созулса көнүл буруу керек. Заң бөлүп чыгарууда ичегилердин оорушу, заңдын түсүнүн өзгөрүшү, (күңүрт түсү же өтө агыш болуусу) заңдын кан аралаш чыгуусу, көбүктөнүшү, ичтин катышы же дарексиз эле ич өтө баштаса анын себебин аныкташ үчүн дарыгерден кеңеш алуу кажет.

7. Зааранын өзгөрүшү

Заарынын чыгышы, түсү, жыты, көбүктөнүшүнө көңүл буруп, эгер өзгөрүү байкалса, табарсык, заара бөлүп чыгаруу органдары тынчыңызды алса көңүлкош болбоңуз!

8. Кандын пайда болушу...

Айыздан башка кандын бөлүнүүсү болуп жатса дароо текшерилиш керек.

9. Үндүн өзгөрүшү

Кекиртек рагы үндүн добушун жана дабышын өзгөртөт.

10. Жөтөл

Өпкө, кекиртек, алкым, ал тургай ашказан залалдуу шишик дартында адам ыкшып жөтөлө баштайт. Бул жөтөлдү башка илдетке байланыштыра албайсың. Эгерде сизде ушундай ыксыз жөтөл башталса тезинен дарыгерге кайрылып, текшерилүүдөн өтүү зарыл.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.