Баары билип жүрүүчү, кандын группасы тууралуу 9 факт

Ден соолукта болуш үчүн туура тамактануу менен дени сак жашоо образын кармануу керек экенин баары билет.

Бирок, кандын группасы дагы ден соолук үчүн маанилүү ролду ойноорун билчү белеңиз?

Кандын группасы тууралуу эмне билиш керек?

 

1. Кандын группасы жана тамактануу

Туура тамактануу – бул кандын группасына карап дагы тамактануу.

Мисалы, кандын биринчи группасынын ээси белокко бай тамак ашты (мисалы, эт менен балык) көп колдонуу, экинчи группа – көп жашылча, үчүнчү – тоок этин азыраак, кызыл этти көбүрөөк жегенге, төртүнчү болсо – деңиз азыктарын жана диетикалык этти көбүрөөк колдонуу сунушталат.

2. Кандын группасы жана оорулар

Кандын ар кайсы группалары ар кандай ооруларга туруктуу болушат, себеби кандын кызыл бөлүкчөлөрүндө антинерселер (антитела) ар башкача түзүлөт.

Ошондой эле ар кайсы группанын ээлери ар кандай ооруларга бат кабылат, ошондуктан ал тууралуу эртерээк билип алган жакшы.

3. Кандын группасы жана характер

Биринчи группадагылар адатта ачык, ойлоп тапкыч, мамилечил жана өзүнө ишенген адамдар болушат.

Экинчи группалар – жоош, артистик мүнөздүү жана ишеничтүү;

Үчүнчү группалар – максаттуу, күчтүү жана көз карандысыз;

Ал эми төртүнчү группалар – ишеничтүү, жөнөкөй, жоопкерчиликтүү жана камкор болушат

4. Кандын группасы жана кош бойлуулук

Бойго бүтүү көбүнчө кандын группасынан көз каранды болот.

Өзгөчө, каны төртүнчү группадагы аялдар бойго бүтүшү оңой болот, себеби, аларда фоллитропин гормону аз бөлүнүп чыгат.

5. Кандын группасы жана стресс

Кандын экинчи группасынын ээлеринде стресс гормону – кортизол көп бөлүнүп чыгат.

Ал эми биринчи группанын ээлери ачуусу бат келип турат, себеби алардын адреналин деңгээли жогору болот.

6. Кандын группасы жана салмак

Экинчи группанын ээлерин углеводду бат сиңиришет, ошондуктан, алардын арасында семиздер аз болот.

Ал эми биринчи группанын ээлери, углеводду жакшы сиңире албагандыктан, семирүүгө жакын болушат.

7. Кандын группасы жана нике

Никелешүүдөн мурда өнөгүңүздүң канынын группасын билип алсаңыз ашыкча болбойт.

Кээ бир кан группаларды, эгер бала күтүү максатыңыз болсо, аралаштырбаган туура (мисалы экинчи менен үчүнчүнү).

Оң жана терс резус факторлорду да аралаштырган туура эмес.

8. Кандын группасы жана физкультура.

Экинчи группанын ээлери стресске жакын болгондуктан, аларга эс алдыруучу көнүгүүлөрдү, йога жана медитация кылуу сунушталат.

Ал эми үчүнчү группанын ээлери убакытты активдүү өткөрүүнү жактырышат – мисалы, теннис, альпинизм жана мушташ чеберчилиги.

9. Кандын группасы жана өзгөчө кырдаалдар

Эгер адам кандайдыр бир кырсыкка кабылса же ооруканага түшсө, ага кан куюу керек болушу мүмкүн.

Ошондуктан өзүңдүн каныңдын группасы тууралуу маалыматты жаныңызга алып жүргөн туура. Бекеринен айдоочулук күбөлүккө бул маалыматтар жазылбаса керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.