Ажырашуудан кийинки кайгы: канча убакытка созулат?

Миллиард жолу: “убакыт даарылайт” деп угуп келгенбиз. Бирок ажырашуу баштан өткөндөн кийин, өзүңдү жакшы сезип калганга чейин канча убакыт өтүш керек деп ойлонуп баштайсың.

Мамиле бүткөндөн кийин аппетит жоголгондон баштап ден соолуктун начарлашына чейин көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болосуң. Бул сен үчүн жакшы жыйынтык бербеши мүмкүн.

 

Көпчүлүк адамдар жоготуу азабын тартып баштаганда кандайдыр бир ойлонуп табылган формуланы колдонушат. Кээ бири мамиле канча узак болсо, ажырашуу азабы эки эсе азга созулат деп ойлошот, кээ бири бир ай жетиштүү деп эсептейт.

Мамиленин аякташына миллиард түрдүү себептер болгондуктан, ар кимдики өзгөчө өтөт. Андан сырткары, анын жашоосу сиз жок жакшы өтүп жатканын социалдык тармактардагы баракчасындагы сүрөттөрүнөн көрүп калсаңар, кайгыңар дагы узарат.

Балким, бул сыйкырдуу сан табылган. "Journal of Positive Psychology" журналына жарыяланган изилдөөгө караганда 155 жаш адамдардын 71%ы, ажырашуунун жакшы жактарын көрүп башташ үчүн 3 ай убакыт коротот (болжол менен 11 жума).

Бул убакыт кээ бири үчүн өтө аз сезилсе, кээ бири көп көрөт. Бул болжол көрсөткүч экенин унутпаңыздар, ар кимдики ар кандай өтөт. Урушу жок ажырашкан, ызы чуу менен аяктаган мамилеге караганда бат унутулат.

Ажырашууну сунуштаган адам мурдатан эле оюнда ажырашууга даярданып жүргөнү үчүн убактысы болот. Ошондуктан аныкы батырак бүтүшү мүмкүн. Бирок изилдөөгө караганда экөө үчүн тең калыбына келиш үчүн 11 жума керек болот. Ал эми 11 жуманы кандай өткөрөсүңөр өзүңөр чечесиңер.

Статистикага кайрылсак, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылы 52 043 никелешүү катталса, 8 588 ажырашуу катталган. 15 жыл аралыгында (2000-жылдын 2015-жылга чейин) Кыргызстанда никелешүүнүн саны 2,2 эсеге көбөйсө, ажырашуу – 1,6 эсеге көбөйгөн. Бул деген ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашууга барат дегендик.

Ажырашуунун башкы себеби, жубайлардын үй-бүлөлүк жашоого психологиялык жана практикалык жактан даяр эместиги (ажырашуулардын 42%), экинчиси аракечтик (31% аялдар, 23% эркектер) жана үчүнчү орунда көзгө чөп салуучулук турат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.