Ажырашкан эркектен 8 кеңеш! Алар таң калдырат...

Америкалык жазуучу, ийгиликтүү бизнес-тренер башында өзү көп ката кетиргендиктен үй-бүлөсүн сактай албай калгандыгын айтып берди. Бул кеңештер үйбүлөлүү эркектерге арналат. Демек, кандай каталарды кетирбөө керек.

 

 

1. Эч качан кам көрүүнү токтотпоңуз

Көп баарлашыңыз, жакшылап таанып, изилдеп билиңиз. Туура, жылдардын өтүшү менен кызыгуу тарашы мүмкүн бирок эсиңизде болсун ал сиздин балдарыңыздын энеси, сиздин эң жакын адамыңыз, кеңешчү адамыңыз. Өзүңүз сүйүп, тандап алган жубайыңыз.

 

 

2. Жүрөгүңүздү коргоңуз

Сиз аялыңзды башкалардан коргоп эле тим болбостон өзүңүздүн журөгүңүздү да коргошуңуз керек. Башка аялдардан коргоо керек, жубайыңыздан башка жанды жүрөгүңүзгө жакын жолотпоңуз.

 

 

3. Дайыма жакшы жагын издеңиз

Ар бир майда нерседен аялыңыздын жаман жагын издеп таап ага айтып туруунун керекги жок. Жакшы жагын издеңиз. Жагымдуу сөздөрдөн бат-бат айтып турганда гана ортодогу мамиле узакка созулуп бекем болот.

 

 

4. Өзгөртүп убара болбоңуз

Аял заты эркек адамга карап өзгөрүлөт. Аны башкача кылып тарбиялап өзгөртүүнүн кереги жок. Сиз аны болгону сүйүп жакшы мамиле кылсаңыз ал сизге карап өзү эле өзгөрөт.

 

 

5. Өзүнчө болууга убакыт бериңиз

Аны дайыма үйгө камап же бир жака барса кошо барып алуу туура эмес. Анын да туугандары, курбулары бар. Алар менен ээн эркин сүйлөшүп келишине каршы болбоңуз.

 

 

6. Ортодо сыр болобошу керек

Калп айтып, бир нерселерди жашыруу жакшылыкка алып барбайт. Кандай нерсе болбосун чоңбу кичинеби баарын жубайыңызга айтып чогуу талкуулаңыздар.

 

 

7. Кечирмдүү жана унутчаак болуу

Ар бир үйдө казан-аяк кагышат. Урушуп кеткен учурда сиздин айыңыздан болбосо да биринчи кечирим сураңыз. Башка күндөрү аялыңздын кетирген каталарын уламдан эскете бербеңиз. Кечирген соң демек аны улам эстетип туруунун кажети жок. Бул нерсе кайра эле жаңы уруштарга алып келет.

 

 

8. Сүйүүнү тандаңыз

Үйбүлөлүк жашоо деген бул жомоктогудай “узак жана бактылуу жашашыптыр” эмес. Бактылуу өмүр сүрүү деген бул күн сайын аркет кылуу, сүйүү менен, чын жүрөгүңдөн чыккан нерселерди үй-бүлөңө арнасаң ошондо үй-бүлө бекем болот. Бул деген узак жана татаал жол. Аял деген бул – гүл. Күн сайын көңүл буруп, сугарып, кам көрүп турсаң ал ошондо жадырап жайнап гүлдөп кооз болуп суктандырат.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.