Айымдын улгайгандыгын сатып койгон 6 белги! Алардан арылса болобу?

Канчалык сулууланып, жасанып-боёнуп, косметикалык каражаттарды колдонсо деле аялзатынын карыганын билдире турган 6 белги бар.

 

 

1. Көз

Жыл өткөн сайын көздүн тегерек-четиндеги бырыштар көбөйөт.  Каш-кирпик түшүп азая баштайт. Көз чарчагандай көрүнүп турат, көздүн үстүңкү бөлүгү ылдый салаңдап, алды шишигенсип калат. Албетте, хирургиялык жол менен көздү оңдотуп алышат. Бирок, бул деле узакка жардам бербейт. Андан көрө кайгы-кападан алыс болуп, жакшы эс алып, арак ичпей, чылым чекпей, спорт менен машыгуу зарыл. 

2. Кулак

Кулак шалбырайт. Андыктан оор сөйкөлөрдү  улгайып бараткан айымдар тагынбай койгону дурус.  Салаңдаган кулак абдан жаман көрүнөт.

3. Моюн

Айымдын мойнун карап эле анын жаш курагын аныктап алсак болот. Моюндун бырышына  хирургиялык операция да жардам бербейт. Моюндун жаштыгын муздак суу менен чайып, жеңил укалоо жолу менен гана узарта алабыз.

4. Көкүрөк

Жаш өткөн аялдардын эмчеги ылдый салаңдай баштайт. Эмчек безин чыңдоо үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасоо керек.

5. Курсак

Аялзаты канчалык арыкчырай болюбосун жыл өткөн сайын курсак чыга баштайт. Албетте курсакты тартуу оңой эмес, бирок чымырканып гимнастика жасоо менен, тамакты тарта ичүү менен ичти кетире алабыз.

6. Чыканак менен тизе

Жаш улгайа баштаганда чыканак менен тизе кургай, анын натыйжасында териси шалбырай баштайт. Андыктан тизе менен чыканакты скраб менен майланыштырып укалап туруу керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.