Айымдарга, чапташкан жынсадан баш тартуунун маанилүү себеби

Көп убакта адамдар моданын курмандыгы болуп калышат. Өзгөчө аялдар менен кыздар! Акыркы убакта, “скинни” деп аталган чапташкан жынсаларды айымдар көп кийип жүргөнүн байкасак болот. Бирок, мындай жарашыктуу шымдар ден соолукка өтө деле пайдалуу эмес деп дарыгерлер эскертишүүдө!

Көрсө, чапташкан жынса кийүү олуттуу медициналык көйгөйлөрдү жаратат экен, алар сизге жакпашы турган иш.

 

 

Скинни – буттар үчүн накта капкан. Медиктердин айтымына, өтө чапташкан жынсалар буттар менен жамбашта кандын жүгүрүүсүнө тоскоол болот. Калың герметикалык ткань булчуңдарды шишитет, ал болсо абанын агымына тоскоолдук жаратат. Кээ бир учурларда, скинни теринин дүүлүгүүсү менен аллергия эле эмес, тукумсуздукка да алып келиши мүмкүн!

Дарыгерлерди андан катуу өкүндүргөнү, бул мода эркектер арасында дагы тарагандыгы! Эркектер мындай шымга жакын жолобогону туура, себеби, урук безге чоң зыян тийгизет. Аба ырайы ысык болгон убакта, шымдын ичинде парник эффекти болуп, ал спермотозоиддердин иштелип чыгышына тоскоол болот, өз учурунда ал эркектин бойго бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Бирок, кырдаалды өтө өкүнүчтүү кылып кереги жок! Эгер скиннини күнү-түнү кийбесе, ден соолукка зыяны деле жок. Ошентсе да, адамдар чапташкан жынсага болгон сүйүүнүн артынан келип чыгуучу көйгөйлөрдү биле жүргөнү туура.

Бул маанилүү маалыматты досторуңуз менен бөлүшкөндү унутпаңыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.