Айымдардын жылдыз белгилери боюнча оң жана терс жактары

 

 

 

 

 

1.Кой

Тазалыкты сүйгөн жубайлар. Алар өз күйөөлөрүнө иштерине байланыштуу кеңештерди берип, алар менен дайым сыймыктанып турушат. Ашыкча чыдамсыздыктан арылып, түшүнүп жана үйүңүзгө жагымдуу чөйрөнү камсыз кылып, жолдошунун үйдө кенен-кесир эс алуусуна көбүрөөк кам көрөт.

2.Букачаар

Бул белгидеги айымдар ишмер, мээнеткеч жана терең ойлуулугу менен айырмаланып турушат. Алар өз жолдошторун коюлган максатына жетиши үчүн, анын ар бир кадамын кылдаттык менен көзөмөлдөп турушат. Бул белгидеги айымдар өзгөчө банк кызматкерлеринин жубайы болууга тийиш. Букачаар белгисиндеги айымдардын табити жакшы келип, акчаны жана кооз, кымбат нерселерди жакшы көрүшөт. Мындай айымды алган эркек дайыма жарашыктуу кийинип жүрөөрү турган иш. Бирок, булар ашыкча көк бет келишип, көпчүлүк учурда өз айтканын бербей да коюшу мүмкүн.

3.Эгиздер

Өз күйөөлөрүнө баардык мамиледе эч алмашылгыс айымдар. Шайыр, жеңил, сыйчыл болушат. Булар дипломаттарга жакшы түгөй боло алышат. Ошондой эле жоокер жана чет жакаларда иш алып баргандар үчүн да мыкты жубайлар. Эгиздер көп калп айтышпайт жана бул сапаттары тууралуу өз түгөйлөрүнө тез-тез эскертип турушат. Бул айымдар ар тараптуу болгондуктан көп аялдын ордун ээлеп коюшат. Эгиздердин кемчилиги, алардын чыдамсыздыгында жана алар түгөйү менен бир чечимге келгичекти, бир ойдон экинчи ойго тез эле өтүп кетишинде.

4.Бөйөн

Үй-бүлө очогун бекем сактаган, мээримдүү эне. Алар үйдө жылуулукту, жагымдуу чөйрөнү түзүүнү жакшы билишет. Бул айымдын жанында эркектер өзүлөрүн чыныгы эркек катары сезишет. Ал эми кемчилиги буларды көп нерсеге ишендириш кыйын болот.

5.Арстан

Баарынын көңүл чордонунда болууну жактырган жубайлар. Алар коюлган максатына жетүүгө дем берип турган жогорку билимдүүлөрдүн мыкты жубайы боло алышат. Эгер бул белгидеги айымдын жүрөгүн багындырам десеңиз, өзүңүздөгү чыккынчылык, башкаруу деген сыяктуу сапаттарыңызды оңдоого аракет кылыңыз.

6.Бийкеч

Абдан камкор жана зээндүү келишет. Көлөкөдө калууну жактырып, көпчүлүк учурда жолдошу үчүн өз максатынан да кечип коюшу мүмкүн. Булар жолдошунун ишинде мыкты кеңешчи боло алышат. Бирок бул айымдардын тили курч келип, ал сапаты эркектерге болгон ишенимин басып коюшу да мүмкүн.

7.Тараза

Акылдуу келип, кандай гана көйгөй болбосун андан чыгып кете алат. Булар үчүн турак жайды, досторду жаңыга алмаштыруу оңой эле турат. Акылы жана зээндүлүгү менен үй-бүлөнү башкарат. Бирок алар кээ бир учурда күйөөлөрүн ашыкча башкарып, алардын ар бир кадамын тескеп да алуусу мүмкүн.

8.Чаян

Күчтүү жана туруктуу жубайлар. Түгөйлөрүн кыйын учурларда колдоп, эрктүүлүгүнө карабастан ишенимдүү жана сүйүүдө туруктуу келишет. Булар акча жаатында абдан жолдуу келишет. Кемчилиги күйөөсүн менчиктеп алып, аны керек болсо досторуна да ыраа көрбөйт.

9. Жаачы

Жашоо үчүн күрөштө өзүнө күч камтыган жароокер жубай. Алар байлык, эби жок дүнүйө үчүн жашашпайт. Алар күйөөсүнүн күнү-түнү иштөөсүн талап кылышат. Бат тил табышып, мейман тосууну жактырышат. Бирок алар көптөгөн кызыктуу окуяларга туш болууну каалап, тынчтыктан зээригип кеткендигинен, көпчүлүк учурда ойлонбой иш кылып алышат.

10. Текечер

Эмгекти сүйгөн, ар бир нерсени ырастап, аярлап колдоно билген айым. Алар күйөөлөрүн иш жүзүндө өтө жай көтөрүлгөнүн байкаса, анын тез аранын ичинде учурдагы деңгээлинен көтөрүлүүсүн талап кылат. Себеби талыкпаган эмгек артында – сөзсүз бакубатчылык турганын жакшы билет.

11.Суукуйду

Күч кубат, дем күч берип тураары анык. Алар үчүн акча, дүнүйө, мүлк анча деле маанилүү эмес. Жан дүйнөдөгү биримдик жана түшүнүк чоң мааниге ээ. Алар кызганчаак эмес жана эч качан өз түгөйүн текшерүүгө барбайт. Түгөйүнө мыкты кеңешчи. Бирок, суупери айымдар ашыкча ойлору менен түгөйлөрүн жиндентип алуусу да толук мүмкүн.

12. Балык

Тынчтыкты самаган, кең пейил. Боорукер айымдар. Эч нерседен кабатырланбай өздөрүн тең салмакта алып жүргөн эң мыкты сапаттары менен жолдошторунун мактоолоруна ээ болушат. Анча-мынча майда маселелерге көңүл бура беришпейт. Ошондуктанбы дайыма чоң-чоң иштер менен алектенишет. Ашыкча эле кенебестиги мырзалардын кыжырын кээде келтириши мүмкүн. Айымдар бактылуу жана татыктуу болуңуздар!!!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.